Суунун шорлуулугу — курамында кальций ж-a магний туздары эрип жүрүшү менен аныкталган жаратылыш суусунун касиети.
Суунун шорлуулугу карбонаттуу (кальций жана магний бикарбонаты болсо), карбонатсыз (кальций, магний сульфаты жана хлориди болсо) деп бөлүнөт. Карбонаттуу шорлуулук сууну көпкө кайнатканда жок болгондуктан, убактылуу деп аталат. Ал эми кайнагандан кийинки шорлуулук туруктуу шорлуулук деп аталат. С ш. мг/экв менен белгиленет. С. ш. казанда, жылыткыч прибордо кебер пайда кылып, жылуулук алмашууну кыйындатат. Кир жууганда Са2+ иону менен чөкмө пайда кылгандыктан, самын көп сарп кылынат. Шорлуулугу жогору сууну ичүү заара жолдорунда ташты пайда кылат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Суунун шорлуулугу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.