Электр чыңалуусу - бирдик он зарядды электр талаасынын бир чекитинен экинчи чекитине которууда аткарылган жумуш.
Потенциалдык электр талаасында (электр-статикалык талаада) бул жумуш заряд которулган жолго көз каранды болбойт; бул учурда эки чекиттин ортосундагы Электр чыңалуусу (же жөн эле чыңалуу) ошол чекиттер арасындагы потенциалдардын айрымасына дал келет. Эгерде талаа потенциалдык талаа болбосо, анда Электр чыңалуусу эки чекит арасында которулган заряддын өткөн жолуна көз каранды. Четки күчтөр деп аталган потенциалдык эмес күчтөр туруктуу токтун каалаган булагына ичтен таасир этет. Ток булагынын кыскычтарындагы чыңалуу булактын сыртында жаткан бирдик оң заряддын жолду бойлой которулган электр тогунун жумушу менен өлчөнөт; бул учурда Электр чыңалуусу ток булагынын кыскычтарындагы потенциалдардын айырмасына барабар жана Ом мыйзамы менен аныкталат: U=E-IR.=IR, мында Iток күчү, R - ток булагынын ички каршылыгы, R - сырткы чынжырдын каршылыгы, Е - анын электр кыймылдаткыч күчү. Ажыратылган чынжырда (/=0) чыңалуу ток булагынын электр кыймылдаткыч күчүнө барабар болот. Ошондуктан ток булагынын электр кыймылдаткыч күчү дайыма ажыратылган чынжырдын кыскычтарындагы Электр чыңалуусу катары аныкталат. Өзгөрмө ток учурунда Электр чыңалуусу орточо квадраттык мааниси менен аныкталат. Электр чыңалуусу адатта вольтметр менен өлчөнөт, СИдеги бирдиги - Вольт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Электр чыңалуусу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.