Сак Уруусу

ДИЁР

кылымда Орто Азия, Казахстан, Чыгыш Туркстан аймактарында сактар, же скифтер деп аталган кѳп сандаган уруктар жашаган. Индиялык булактарда сактарды турлар, байыркы кытайлык малыматтарда сак эли деп аташкан. «Сак» деген тушунук  «эркин адам», «кучтуу эркек» дегенди билдирген. 

Б.з.ч. 6- 5 кылымдар сактар эки ири уруу союзуна биригишкен. Биринчи союзга массагеттер, абилер, апасиакилер, дебектер, дахилер ж. б. уруулар кирген. Байыркы персиялык булактарда булар тиграхауд сактары- «шуншугуй калпакчан сактар» деп аталган. Экинчи союз Тундук Индиядан Алай жана Ферганага чейинки мейкиндикти ээлеп турган. Перстер аларды хаумаварга- «хаум чобун урматтаган сактар» деп аташкан. Азыркы Кыргызстандын тундук районунда «тиграхауд сактары», ал эми туштугундѳ «хаумаварга сактары» жашашкан. Тарыхчы Т. Рыскуловдун изилдѳѳлѳру боюнча сактар байыркы турк тилдеринде суйлѳшкѳн, кѳбунчѳ европеоид туспѳлундѳ болгон. Тиграхауд сактарынын айрымдарында монголоиддик белгилер да кездешкен. Коомдук тузулушундѳ сактар уй- булѳлѳрдѳн турган кѳчмѳн жамааттарга бириккен. Ал эми жамааттык тузулуштун бузулушунун натыйжасында урук- уруулардын ак сѳѳктѳру бѳлунѳ баштайт. Аскер башчыларынын мартабалары жогорулап, байлыктары ѳскѳн. Б.з.ч. 7- кылымда сактардын коомунда социалдык тенсиздик пайда болгондугун, аларга тиешелуу кѳрсѳткѳндѳрдун кѳлѳму, андан табылган археология эстеликтер далилдейт. «Падышалардын» мурзѳлѳрунун диаметри 50дон 120м, бийиктиги 9-15 метрге жетет. Урунун ак сѳѳктѳру диаметри 30-45 метр, бийиктиги 5-7 метр келген мурзѳлѳргѳ, эрдик кѳрсѳткѳн жоокерлер чонураак, ал эми карапайым адамдар бир аз гана белгиленген мурзѳлѳргѳ коюлган. Эн чон мурзолордон 4минге жакын алтын буюмдар, карапайым адамдардыкынан бирин экин гана чопо идиштер табылган. Коомдун эн тѳмѳнку баскычында аз сандагы кулдар турган. Коомдук тузулушу боюнча сактар мамлекет тузуунун алдында турган.

Жаратылыш шартына ылайык, Кыргызстандын тундугундѳгу сактар негизинен мал чарбачылыгы менен кесиптенишкен. Ферганалык сактар болсо мал чарбасын дыйканчылык менен айкалаштырган. Кой, жылкы, уй, тоо асырашып, буудай, арпа, таруу айдашкан. Сут, эт азыктарын сактардын тамак- ашынын негизин тузгон, жундѳн ѳсумдук буласынан жип ийрип, кездеме токушкан. Кийизден жасалган шуштугуй калпактарды кийишкен. Териден кийим тигип, ат жабдыктарын, идиштерди жасоо кенири тараган.

Кыргызстандан сак маданиятынын эстеликтери Чуй ѳрѳѳнунѳн, Ысыккѳлдѳн,… Тениртоодон ж.б. жерлерден табылган. Курмандык чала турган такта, шам чырактар, конус формасындагы буттары бар казандар ото зор кызыгуларды туудурат. Бул буюмдар айбандардын колодон жасалган сѳлѳкѳттѳру менен ѳтѳ чебер кооздолгон. Археолог эстеликтер сактарда зергерчилик иши жогорку чеберчиликке жетишкенин айгинелейт. Алтындан, колодон жана чоподон жасаган буюмдар, ар турдуу кооздуктар, ѳзгѳчѳ айбанаттардын сѳлѳкѳттѳрун жасоо жана сурѳтун тушуруу искусствосу сактардын дуйнѳгѳ болгон кѳз карашын, философиясын чагылдырат.

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ДарыяАлгачкы коомБайчечекейТүрк кагандыгыЖылдыздуу асманТекстКыргызстандагы металлдарОсмонкул БөлөбалаевКыргызстандын шаарларыЭтикаЭне-Сай кыргыз кагандыгыИчки Теңир-ТооМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыЮпитерСаясий турмушНарынЛирикаГенетикаБоз үйКыргыз Республикасынын Кызыл китебиФизикалык чоңдуктардын бирдиктериАтоочтукЭлектр каршылыгыБир тутумдуу сүйлөмКыргыз киносуКыргызстандын райондоруМанас эпосу, ЭнциклопедияБиосфераАюуГенетикалык инженерияАстрономияИсхак РаззаковТамак сиңирүү системасыФранцияАнатай ӨмүркановНарын облусуҮнсүз тыбыштарЭлектрондук китепканаКурмангазы Сагырбай уулуМанас эпосунун идеясыБалбай баатыр Эшкожо уулуИч өткөкСемантикаКыргызстан Олимпиада оюндарындаТүштүк КореяХлорҮндүү тыбыштарАбай КунанбаевКар көчкүАутизмТике сөзКосмосУзакбай АбдукаимовКошожашАлмамбетБайыркы РимИлбирсРоза, гүлАныктоочЖер көчкүКыз куумайКиринди сөзИнтерактивдүү окутууЗат атоочТүндүк Тянь-Шань рельефинин калыптанышы жана тектоникасыАрхаизмКыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетиМенеджментРуханий маданиятКөкөтөйдүн ашыБайдылда СарногоевАзияКосмонавтБиоценозЖылдызАлыкул ОсмоновГолография🡆 More