Синтетикалык каучук - табигый каучук сыяктуу резинага айландырууга мүмкүн болгон синтетикалык полимерлер.
Алардан жук ташуучу тасма ленталар, бут кийим жасоодо пайдаланылуучу жогорку серпилгичтүү жана түрдүү орг. эриткичтерге, май, кычкылтек, озонго, ысык, суукка туруктуу, өзгөчө сапаттагы резиналар алынат.
Синтетикалык каучукту полимерлееде каучуктун мол. массасын талапка ылайык женге салууга болот. Каучукту алууда эритмеден бөлүү, катализатор, эмульгатор ж. б. кошулмалардын калдыктарынан тазалоо, кургатуу, брикеттее ж. б. технол. процесстер иштелет.
Синтетикалык каучукту синтездееде колдонулуучу мономерлер - бутадиен, изопрен, стирол ж. б. нефть, о. эле крекинг газдарынан алынат.
1932-ж. С. В. Лебедевдин методу менен натрий-бутадиен Синтетикалык каучук дүйнөдө биринчи болуп СССРде алынган.
Синтетикалык каучук табигый каучукка салыштырганда алынышы арзан жана айрым өзгөчө сапаттарына байланыштуу кеңири колдонулат.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Синтетикалык каучук, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.