Орусиядагы 1905–1907-жылдардагы революция ― биринчи орус буржуазиялык-демократиялык революциясы; терең социалдык кризис жана Орус-жапон согушунда (1904–1905) Орусиянын жеңилишинин натыйжасында чыккан.
Революция 1905-ж. 9-январда Петербургда жумушчулардын тынчтык митингине ок атуудан кийин башталган. Орусия пролетариаты саясий иш таштоолор менен жооп кылган. Ок атууга Орусияда Жумушчу депутаттар совети түзүлүп, дыйкандар толкундоолору борбордук райондорду, Волга боюн, Закавказьени кучагына алган. Кара деңиз флотунда моряктардын көтөрүлүшү чыккан. Революциялык кыймылга коомдун бардык катмарлары тартылган. 1905-ж. Орусия социал-демократиялык жумушчулар партиясынын (ОСДРП) 3-съезди В. И. Лениндин жетекчилиги менен партиянын тактикалык багытын иштеп чыккан жана падыша бийлигин кулатуу жана демократиялык республиканы орнотуу, помещиктердин жерин конфискациялоо, 8 саат жумуш күнүн киргизүү, Орусиядагы эзилген элдерди улуттук теңдик жана өз тагдырын өзү чечүү укугу менен камсыз кылуу революциянын жакынкы милдеттери деп таанылган. Большевиктер жетекчилиги менен жумушчуларды куралдандыруу, куралдуу көтөрүлүштү даярдоо, күжүрмөн кошуундарды түзүү иштерин кеңири жайылткан. 1905-ж. күзүндө революциялык кыймыл бүткүл өлкөнү каптаган. Декабрь куралдуу көтөрүлүштөрү революциянын эң жогорку чеги болгон. 1907-ж. 3-июнда 2-мамлекеттик думаны таратып, падыша өкмөтү революциялык кыймылды катаал репрессия менен баскан. Бирок жеңилгенине карабай 1905–07-жылдары революция Европа, Азиянын бир катар өлкөлөрүндө революциялык кыймылдын чыгышына түрткү болуп, орус жумушчу жана дыйкандарына чоң саясий тажрыйба берип, 1917-ж. Февраль революциясынын жеңүүсүнө өбөлгө түзгөн. В. И. Ленин аны Улуу Октябрь социалисттик революциясынын «генералдык репетициясы» деп атаган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Орусиядагы 1905–1907-жылдардагы революция, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.