Баланын Чачын Алып, Кыркын Чыгаруу

Баланын чачын алып, кыркын чыгаруу — төрөлгөнүнө 40 күн толгондо баланын «кыркын чыгарышат».

Ал үчүн 40 кашык сууга туз татытып, баланын денесин чайкашат. Туз ымыркайдын денесин ар кандай илдеттен сактайт, денесин чыӊдайт. Баланын карын чачын кайчы менен алып, бут баспаган жерге коюшат. Илгери баланын кыркын айылдагы байбичелерди чакырып чыгарышып, балага бата сурашкан. 40 түстүү чүпөрөктөн курап көйнөк тигип, ичин (тигишин) сыртка каратып кийгизишкен экен. Бирок мүмкүн болсо баланын чачын таятасы жагы алып, кыркын таенелери чыгарган. Чач алган адам эл кадырлаган адам болушу керек болгон. Баланын ата-энеси ага бир жандык, же белек тартуулаган. Илгери белек-бечкек менен ал адамдын үйүнө барышса, азыр чакырып алдырышат. Баланын кыркын чыгаруудагы ырымдарда аймактык өзгөчөлүктөр бар. Мисалы, Таласта кырк май токоч жасап жети үйгө таратат, алар бир чымчымдан туз берет, баланы ошол туз татытылган сууга киринтишет. Жалал-Абадда дагы кырк токоч бышырышып, жыйырма үйгө таратышат. Калган жерлерде даярдалган сууга кырк кашык туздуу суу кошуп баланы киринтип, чачын алдырып, туугандарына чай беришет.

Булактар

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.

Tags:

Жалал-Абад

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Макал лакапАвстралия (континент)Тайлак баатырКыргыз элинин калыптанышыУран (планета)Маалымат сайтыМал чарбасыТемирКЫРГЫЗДАРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АЛАРДЫН ТАРЫХЫНАН АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТТАР.Кыргыз этнонимиКараханийлер мамлекетиЭмгек ырларыКүнКылым карытар бир күнГаздардагы электр разрядыАндыУлуу БританияАбдылдабек Алымбек датка уулуКытай кыргыздарыМеталл эместерЭхинококкозБаңгиликКызматчы сөздөрМээКөк бөрүКүн тутумуСайтАрчаПрокуратураАксонометрияНатуралдык санВитамин АКаада- салттар,ырым-жырымдарКараханийлер кагандыгыАмин кычкылдыктары (аминокислота)Кыргызстандын тышкы саясатыЖер-суу реформаларыКомуз күүсүКаныкей образыБайыркы Египет маданиятыКыргыздын улуттук кийимдериАтоочтукФразеологизмМексикаБагынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөмПлазмаКыргызстандын гимниКаада-салтЧабалекейлерАрстанбапКызамыкГапаров МурзаФантастикаКыргыз Республикасынын Кызыл китебиКалыгул Бай уулуБектурсун АлымовТирсекГлюкозаИч өткөкКарышкырларАпрель революциясыЭки миң сомКыргыз Республикасынын БаатырыАнжиян көтөрүлүшүЖукеев ТабылдыКыргыз тилинин жазуу эрежелериМамлекеттик бюджетТок булагыЖеңиш КүнүКоёндор жапайыКокон көтөрүлүштөрүТелибай тентекКыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрүТеңир-ТооСүйлөмУлуттук тилКен байлыктар🡆 More