Арча (лат.
Juniperus) — кээ бир булактарда *joini-parus* «бүчүр байлоо», ал эми кельт сөзүнөн Jeneprus — «саюучу» дегенди түшүндүрөт. Бул жалбырактарынын ийне сымал болушу менен түшүндүрөт. Өсүмдүктөрдүн кипаристер тукумунун уруусу, дайыма жашыл ийне жалбырактуу дарак же бадал. Бийиктиги 10-12, кээде 20-30 м. Эки үйлүү, айрымдары бир үйлүү; жаш өркүндөрүнүн жалбырагы ийне сымал, бара-бара түрпүгө айланат. Гүлдөрү майда, жазында гүлдөйт. Тобурчактары эттүү, жемишке окшош, ичинде үчтөн уругу бар. Өтө жай, 500-1000 жыл өсөт. Жыгачы катуу, көпкө чирибейт. Арча жарыкчыл, кургакчыл, суукка чыдамдуу, тамыры терең жана жайылып өсүп, жер алдындагы сууну жана азык заттарды сиңирет. Ал туздуу деңиз жээктеринен тартып бийик тоо сырттарына, Түндүктүн саздуу токойлоруна, акиташтуу бийик тоо кыркаларына чейин кездешет. Кыргызстанда 10 түрү өсөт.
Бул ууруга киргендер Түндүк жарым шарда, Арктикадан тарта субтропикалык тоолуу аймактарга чейин таралышкан. Бир гана Африкада өскөн батыш-африка арчасы (Juniperus procera), 18° түштүктө байырлайт. Көпчүлүк түрлөрү майда ареалдарды түзүшүп тоолу өлкөлөрдүн тоо системаларында бири-бирин толуктап өсұп келишет. Баарыбызга белгилүү болгон кадимки арча — Juniperus communis, чоң ареалды ээлейт. Дарак сымал арчалар, бийиктиги 10—15 м жетет. Мындай арчалар чакан токойлорду түзүп келишет. Буларды көбүнчө Борбордук Азиядан (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан ж.б.) жана кургак чөлкөмдүү Мексикадан, ошондой эле Түштүк Американын түштүк бөлүгүнөн жолуктурса болот. Арчанын башка түрлөрү майда бадалчалар болуп саналышат жана тоо этектерде чакан токойчолорду түзүп өсүшөт. Бойлору кичине болгон жайылып өскөн арчаларды тоо-таштуу жайлардан кезиктиребиз. Булар көбүнчө токойлодон жогору жайланышып аска тектүү кургак жайларда өсүшөт.
Арчалардын баардык түрлөрү күнөстүү жайларды сүйүүчү өсүмдүктөр, көпчүлүгү субстрат тандабайт жана ысыкка, туздуулукка, минералдык заттардын жетишсиздигине чыдамдуу келишет. Суукка чыдамдуулугу боюнча арчалар жогору турушат, кээ бир түрлөрү арктикалык зонада да өсүшөт.
Уруктар менен көбөйүшөт. Бирок уруктарын сепкенден кийин бир жылда өнүп чыгышат; Калемчелер менен көбөйүшөт; Тамырлары менен көбөйүшөт — көбүнчө жайылып өскөн арчалар; Кыйыштыруу менен көбөйүшөт — декоративдик арчаларды өстүрүүдө. Арчалар 600 жылга дейре жашашат. Жаратылышта калыбына келүүлөрү кыйынчылык менен жүрөт.
Бүчүрлөрү кабырчыксыз, (Кадимки арча - Juniperus communis) кээ бир учурларда эки жагынан кичинекей жалбыракчалар менен капталган. Ал эми сөөктү арчанын (Juniperus drupacea) бүчүрлөрү көптөгөн кабырчыктар менен оролгон. Жалбырактары үч - үчтөн биригип турат, ийне сымал, учтуу келишет, узун-ланцеттүү, үстүнкү жагында үттөр менен кошо тарамыштар орун алышкан.
Урууда 50 - 67 чейин түрлөр бар.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Арча, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.