Улуу Кыргыз Дөөлөтү: тарыхый мамлекет.

Улуу Кыргыз Дөөлөтү - 693-1250-жылдарда Ички Азияда өкүм сүргөн кубаттуу көчмөн кыргыз кагандыгы.

Улуу Кыргыз дөөлөтү
кагандык
693 — 840 Кыргыз каганаты
840 — 1250 Улуу Кыргыз Дөөлөтү



Улуу Кыргыз Дөөлөтү: Доорлору, Тарых, Кыргыз-Кытай (Тан) мамилелери
Борбор калаа Кемижкет 693—840
Ордо-Балык 840—924 (1250)
Ири шаарлары Кемижкет, Дахлан, Бешбалык, Ордо-Балык, Буркин, Отуген, Баласагын, Аньси, Куча, Чебаки, Аймырлыг, Таштып, Турпан, Кызыл Чар
Тил Байыркы кыргыз тили
Аянт 8.100.000 км² (Солагайдын убакытында)
Калк энесай кыргыздары, Уйгурлар, кидандар, меркиттер, курыкандар, кереиттер, тангуттар
Сулале (династия) Ажо династиясы
Элтебер
 - 648 Сылифа Шибокуй Ачжань
Каган
 - 693—711 Барс-бег (Ынанчу Алп Бильге)
 - 758-795 Билге Тонг Эркин
 - 795—847 Ажо
 - 847—847 Аре каган
 - 847—866 Ин-ву Чен-мин-хан
Уйгур кагандыгы
Кыркырхан
Кыргыз мамлекети
Кем-Кемжиут

Доорлору

693 жыл. Уйгур кагандыгы Тан империясындагы Энесай кыргыздардын жерлерин басып алган. Дал ошол убакытта Кыргыз каганаты түзүлгөн.

  • 552 жыл — Байыркы түрктөрдүн жужандарга каршы көтөрүлүшүнөн кийин, Энесай кыргыздары мамлекеттүүлүккө ээ болгон.
  • 555-581 — Энесай кыргыздарынын мамлекети Түрк каганаты кулаганга чейин ага вассалдык көз карандылыкта болгон.
  • 629-632 — Энесай кыргыздарынын мамлекети — Теле каганатынын вассалы.
  • 648-693 — Тан империясында Энесай кыргыздарга өзэркин Цзянькунь деген аймак түзүлгөн.
  • 710—711 — Кыргыз каганы — Барсбек Түрктөр менен каршы согушта, каза болот.
  • 758—820 — Кыргыз Каганаты — Уйгур каганатынын курамында болгон.
  • 820—840 — Кыргыз каганаты алгач Уйгур каганатынын карамагында болгон, бирок 20 жылдык согуштан кийин 840 жылда Уйгур каганаты кулаган.
  • 840—924 — Бул мезгилди Бартольд кыргыздардын эң улуу доору деп эсептеп «Улуу Кыргыз Дөөлөтү» деп атаган.
  • 924 жылга — карата Энесай кыргыздарын күчтөрү азыраган, алардын каганатынын янты Энесай дарыясынын өрөөнүнө, ошондой эле борбору Кемижкетке коюлган.
  • 924—1207 — Кыргыз каганаты, өтө көп кичине мамлекеттерге бөлүнгөн, алардын эң күчтүүлөрү Кем-Кемжиут жана Кыргыз болуп саналат.
  • 1207—1219Туматтар менен кыргыздар моңголдорго каршы көтөрүлүп утулушат, ошондо Кыргыз мамлекети Моңгол империясына таянган.
  • 1259—1264Монгол империясындагы ички проблемалардыгынан, ошол убакыттагы монгол Ариг-буга ханын, эчким укпай, ага кыргыздар гана таянышкан, ошондо анын ээлиги бир гана Энесай дарыясынын жээгинде болгон.
  • 1207—1293Кем-Кемжиут мамлекети 1293 жылга чейин Юань династиясы менен каршы согушкан, бирок 1293 жылы Тутухадан утулуп, таянган.

Тарых

Байыркы түрк элдеринин бири Экинчи Түрк кагандыгы начарлагандан кийин уйгурлар, карлуктар басмылдардын биргелешкен күчтөрү аны талкалаганда, көчмөндөрдүн жаңы талаа дөөлөтү Уйгур кагандыгына тийген эле.

VIII кылымда Борбордук Азияда үстөмдүк уйгурлардын колунда эле. Уйгурлар эзелтеден бери Борбордук Азиянын талааларында жашаган. 744—840-жж. Уйгур каганаты абдан күчтүү мамлекет болгон. Анын күчтүү мезгилинде Кытай мамлекети дагы жыл сайын салык төлөп турган.

Кыргыздардын өздөрүнүн күчтөрүн ал убакта Жети-Сууну ээлеп алышкан Карлуктар менен Чиктер жана түрк урууларынын калдыктары менен Уйгур кагандыгы Элетмиш Билгеге каршы күрөшүү үчүн бириктиришкен (747—759). Түрк бектеринин арасынан чыккынчылар чыгып Элетмиш Билгеге эскертип коюшат. Ал чечкиндүү арекет кылып союздаштарды жалгыздап талкалаган 758-жылы уйгурлар Ортоңку Энесайдагы кыргыздардын өлкөсүн басып алышат. 795-жылы кыргыздар уйгур каганатына каршы көтөрүлүшкө чыккан. Бирок жеңилип калган. Кыргыз Ажолору өч алуу максатында 25 жыл бою өз күчтөрүн топтошкон.

IX кылымдын башында Уйгур кагандыгы мурдагыдан бошоңдоп калган эле. Анда ич-ара чыр-чатактар күч алып ички-саясий абал абдан начарлаган. Бул учурдан кыргыздар дароо пайдаланып, уйгурларга каршы согушуга даярдана баштаган. Кытай булактарынан төмөнкүлөрдү окууга болот. Кыргыз каганы өзүн Ажо деп жарыялап, аялын ханыша деп жарыялаган. Бул кыргыздардын тарыхындагы 820-жылы болгон. Ошол мезгилде Карлукдардын колдосуна ээ болушкан. Кыргыздар өздөрүн Уйгур кагандыгынан көз карандысыз деп жарыялап, Борбордук Азияга үстөмдүк кылууга умтула башташкан. Бул мезгилге чейин Кыргыз кагандыгы узакка созулуучу согуштарга атайын даярдыктардан өтүшкөн. Аскердик административдик системаны түзгөн. Ажо Сибирь элдерине бир нече жолу жортуул жасап, мамлекеттик чек арасын бир кыйла кеңейткен.

Ошол мезгилде кыргыз Ажосу уйгурлар менен каршылашкан арабдар, тибеттиктер, кытайлыктар жана Теңир-Тоолук Карлук мамлекети менен дипломатиялык байланыштарды түзө алган. 820-жылы кыргыз Ажосунун өзүн Каган деп жарыялашы Уйгур каганына согуш жарыялаганга барабар болгон. Уйгурлар Кыргыз ажосуна кыр көрсөтүү максатында Энесайга аскерлерин жиберет, бирок Уйгур аскерлери жеңилип калышат. Согуш андан ары уланып 20 жылга созулат. Кыргыздар бул согушта басымдуулук кыла баштаган.

Кыргыз ажосу Уйгур каганына мындай деген кат жиберет «Сенин тагдырың бүттү, мен жакында сенин алтын Ордоңду аламын, анын алдына атымды байлап өзүмдүн туумду илемин. Эгерде мени менен алышкың келсе дароо келгин эгерде алыша албасаң тезинен жогол». Согуштагы жеңилүүлөр Уйгур кагандыгынын ич-ара күрөштөрүн күчөткөн. 840-жылы кар калың жаап мал кырылып, ачарчылык жана жугуштуу оруулар күчөгөн. Ушул жылы Кыргыздардын ажосу Уйгурлардын борбор шаары Ордо-Балыкка 100 миң аскерин жиберип, уйгурлардын борбор шаарын алган. Уйгур каганы салкылашта курман болгон, уйгурлардын калганы Байкалдын ары жагына Чыгыш Түркстанга качып кетишип өздөрүнүн жакшы жерлерин жана кең байлыктарын кыргыздарга калтырууга мажбур болушкан.

Энесайлык кыргыздар уйгурларды куугунтуктап отурушуп Чыгыш Түркстанга басып киришет. Кыргыздар уйгурлардын шаары Анси жана Беш-Балык шаарларын алышат. Андан ары Теңир-Тоо менен Жети-Сууга чейин жеткен. Ошентип, IX кылымдын орто ченинде Уйгур кагандыгынын ордуна «Улуу Кыргыз державасы» пайда болгон.


Улуу Кыргыз державасынын аймагы чыгышта Курыкандарга (Гулиганиге) чейин түштүктө Тибетке чейин, түштүк-батышта Жети-Сууга чейин созулуп жаткан. Радловдун пикири боюнча, кыргыздардын ханы 970-жылы гана Энесайдагы өзүнүн мурунку Ордосуна кайтып келген. 924-жылы Аско алп олуп кытайлардын Орхонго жортуулу жөнүндө баян кыргыздар 970-жылга чейин Моңголияда же анын эч болбосо бир бөлүгүндө болушу жөнүндө күмөндөнүүгө мажбурлайт.

Кытай жазма булактарына караганда, Кыргыз мамлекети дашилер (ал убакта арабдарды атагандай тажиктер), туфандар (тибеттер) жана гелолу (карлуктар) менен дайыма достук байланышта болгон. Кыргыздардын арабдар, тибеттер жана карлуктар менен достугу жөнүндө баяндан кыргыздар ал тугул державалык доорунда да Орто Азиянын батыш бөлүгүндө болуп жаткан согуштарга кийлигишпегендиги жөнүндө корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет.

Белгилүү бир мезгилге чейин алардын душмандары уйгурлар гана болушу мүмкүн, анткени алар 860-жыл менен 873-жылдын ортосундагы мезгилинде азыркы Кытай Түркстанын Кара-Ходжа (азыркы Турфандын жанында) жана Бешбалык (кытайча Бейтин, азыркы убактагы Гучендин жанында) шаарлары менен кошо басып алган болчу.

IX кылымда жазган Гардизиден тышкары, хижранын 372-жылы, б.а. 982-же 983-жылы перс тилинде жазылган «Дүйнөнүн чектери» (Худуд ал-алам) деген автору белгисиз эмгек кызык маалыматтарды берет. Кийинчерээк бул эмгек орус илимий адабиятында адетте «Туманскийдин кол жазмасы» деген ат менен белгилүү. Бул булакка караганда, кыргыздар тугузгуздардын түндүк гана эмес, батыштагы коңшулары да болгон. Анын эсесине кыргыздар башка Жети-Суулук эки элдин – чигилдер менен тухсийлердин кошуналары катары аталган. Чигилдер Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, түргөштөрдүн бир бөлүгүн (түргөштөрдүн башка канаты катары жогоруда аз эли аталып кетти) түзгөн тухсийлер Чүй дарыясынын өрөөнүндө жашаган.

Кыргыздар өздөрүнүн Улуу державалык доорунда аймагын түштүк-батыш жакка кеңейткен. Муну Гардизинин жогоруда келтирилген сөзүнө караганда, тугузгуздардын аймагынан Энесайдагы Кыргыз каганынын ордосуна чейинки жол Көгмен тоолорунан же Саян тоо кыркаларынан төндүккө карай 7 күндүк жолду ээлеген. Арабдардын элестетүүсү боюнча кыргыздар ээлеген жер чыгышта океанга чейин жеткен.

Кыргыз падышасы кыргыз хаканы (каган) деп аталган. Алар жоокердиги менен айырмаланып, коңшулары менен согушуп, кастыкта бөлгөн. Алардын арабалары (же кайыктары), койлору, уйлары жана жылкылары бар, алар суу, жайыт жакшы аба ырайын жана шалбааларды издеп көчүп жүрүшөт. Алар отко сыйынып өлгөндөрүн өртөшөт, чатырларда жана кепелерде жашап мергенчилик менен кесип кылышат. Алардан чыгышты карай кыргыздардан чыккан фури деген эл бар. Алар башка кыргыздар менен аралашпайт. Алардын тилин башка кыргыздар түшүнбөйт. Кыргыз каганы жашаган шаар Кемижкет деп аталат. Кыргыздардын кагандыгында кыштак да, шаар да жок. Хакан жашаган жердегилерден башканын баары чатырларда жашайт.

Кытайлар мындан тышкары өлүк өрттөлгөндөн кийин калган сөөктөрдү бир жыл өткөндөн кийин жерге көмүшөт деп айтышат. Түрктөрдөн айырмаланып кыргыздар адам өлгөндө бетин тытпайт. Өлгөндөрдү өрттөө жөнүндө маалыматтарда Гардизи кыргыздардын пикири боюнча от эң таза нерсе жана аркандай ыпыласты жок кылат деп кошумчалайт, ошентип өлгөн адам ыпыластан жана күнөөдөн от менен тазаланган. Башка кыргыздардан айырмаланып, фури эли өздөрүнүн өлгөн адамдарын тоого алып барышып, ал чиригенче дарактарга калтырып кетишкен.

Бирден-бир кыргыз шаары же кыштагынын аты жөнүндө болсо, бул аттын Кытай транскрипциясы Иакинфтин окуганы боюнча – Мидичжы, Шоттун окуганы боюнча – Мидичжита.

X кылымдагы автор Абу Дулаф кыргыздардын турмушун бир кыйла жакшы сүрөттөйт. Бул баянда кыргыз жазмасы жөнүндө эске алынгандыгы кызык, бул жөнүндө Тан-шуда да айтылган, мында кыргыздардын «жазмасы жана тили уйгурлардыкына абдан окшош» деп белгиленген. Сөз ошол убакта уйгурлардын арасында таркай баштаган жана кийин моңголдор кабыл алган алфавит жөнүндө эмес, андан байыркы жазуулар жөнүндө болуп жатат, орхон жазууларын ачуунун аркасында аны окуу үчүн ачкыч табылган эле.

Моңголияда кыргыздардын үстөмдүгү кыска убакытка созулгандыгына карабастан, кыргыздар жөнүндө эскерүүлөр моңголдордо ушул убакка чейин сакталып калган, балким Моңголияны моңголдор ээлеп алганга чейин бул өлкөдө жашаган жана үстөмдүк кылган акыркы эл кыргыздар болгондугуна байланыштуу ушундай болушу ыктымал.

Рамстед Селеңга менен Орхондун ортосундагы ушундай «кыргыз» көрүстөндөрү жөнүндө эске салат, мындагы эстеликтердеги жазууларда VIII кылымдагы Уйгур кагандарынын биринин падышачылыгы жөнүндө айтылган. Кыргыздар Моңголияда үстөмдүк кылган акыркы түрк эли болгон. Ошентип, түрктөрдун жоктугунан моңголдук тектеги элдер пайдаланып кеткен. Буга «фури» тили башка кыргыздар үчүн түшүнүксүз болгондугун Туманскийдин кол жазмасындагы сөздөр көрсөтүп турат.

Ошол убакта атүгүл Энесайдын жогору жагында, кыргыздардын түштүк жагында моңгол тегиндеги ойрот эли жашаган, алардын тили Чыңгыз хандын моңголдорунун тилинен диалектилик жагынан гана айырмаланган. Бул жерде эки тил – түрк жана моңгол тилдери канчалык аралашып кеткендиги жөнүндө Рашид-аддиндин сөздөрүнөн көрүнүп турат, мында Энесайдын жогорку бөлүгүн түзгөн дарыялар Сексиз-мүрөн (Сегиз дарыя) деп аталат. Азыр бул жерде моңголдордун катуу таасиринде болушса да түрктөр жашап тургандыгы белгилүү.

Кыргыз-Кытай (Тан) мамилелери

Кыргыздар 840-ж. Уйгурлардын борборун алганда ал жерде Уйгур каганынын кытайлык ханышасы Тайхени колго түшүрүп, кошундардын коштоосу менен аны кайра Кытайга жөнөткөн. Бул кошунга уйгурлардын Уге каганы кол салып, ал ханышаны кайра туткунга түшүрүп алат, ханыша уйгурлардын туткунунан 843-жылы гана бошотулат. Кытай императорлору адегенде жаңы туушкандарын өз тектеши катары эсептегиси келген. Анткени Хуннулардын мезгилинде Кыргыз ээлигинин башкаруучусу болгон Ли Лин чыккан Ли уруусунан Тан династиясынын өкүлдөрү дагы чыгышкан эле. Бирок император Сюань-цзунда (847-859) «Хагас Тандардын тукуму менен теңелүүгө кудуретсиз чакан уруу» деген жыйынтык чыгарышкан. Уйгурларды жеңип чыккан хан 847-жылы эле, башкача айтканда, анын башкы душманы Уге дүйнөдөн кайткан жылы өлгөн, Тан-шуда анын эң жакын ордун басуучусунун аты жана титулу келтирилген, бирок ал жөнүндө, андан кийинки Кыргыз хандары жөнүндө эч кандай маалыматтар айтылган эмес.

Кагандар

Кыргыз кагандары Монгол империясынын интеграциясына чейин:
аты
Барсбек
Ажо
Цзун-ин Хюн-Ву

Чен-мин-хан

Ин-ву Чен-мин-хан

Аскердин иш

VIII кылымдын башындагыга караганда бир кыйла көп материалдык жана адам ресурстарына ээ болгон көз каранды элдер өздөрүнүн аскерлерин кыргыз курамына кошууга милдеттүү болчу. Администрациянын жана аскер күчтөрүнүн башында Ажо турган. Ага 3 бий жана ар кыл баскычтагы чиновиктер баш ийишип 6 бөлүккө бөлүшкөн. Туруктуу аскерлерден куралган атчандар гвардиясы болгон. IX кылымда кыргыздар көз каранды уруулардын түзгөн аскер күчтөрүн эсептегенде 100 миң аскери болгон.

Термин

«Улуу Кыргыз Дөөлөтү (орус. Кыргызское Великодержавие)» деген түшүнүктү тарых илимине академик В.В.Бартольд өз аныктоосу менен кыргыздардын Борбордук Азиянын кеңири аймагын камтыган кагандык мезгилине карата (840 - 924) биринчи болуп термин катары колдонот.

Колдонулган адабияттар

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе, 1990.
  • Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010

Интернеттеги шилтемелер

Tags:

Улуу Кыргыз Дөөлөтү ДоорлоруУлуу Кыргыз Дөөлөтү ТарыхУлуу Кыргыз Дөөлөтү Кыргыз-Кытай (Тан) мамилелериУлуу Кыргыз Дөөлөтү КагандарУлуу Кыргыз Дөөлөтү Аскердин ишУлуу Кыргыз Дөөлөтү ТерминУлуу Кыргыз Дөөлөтү Колдонулган адабияттарУлуу Кыргыз Дөөлөтү Интернеттеги шилтемелерУлуу Кыргыз ДөөлөтүИчки АзияКыргыз

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кан агууКоёндор жапайыКокон хандыгыӨпкөКыргызстанРедуценттерТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүТянь-Шандын түндүк тизмегиОмонимдерКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыЭки жүз сомБразилияДан өсүмдүктөрүКыргыз элчиликтериЭкономикаЕвразияАнглияСүйүнбай ЭралиевОрозов КарамолдоКаакымТөл сөзЖалал-АбадЭволюцияВитамин АЖыл сүрүү жадыбалыОш коогалаңы (1990)МанихейчиликБаланы бешикке бөлөөБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасындагы көркөм образдарАдминистративдик укукМихаил ГлинкаБиринчи жардамБөлүкчөТөрөбай КулатовАнтропогендик факторлорКан тамырларКалктын иш менен камсыз болуусуШайлообек ДүйшеевКошожашУкукЯдро (биология)БиотехнологияАк кеме (чыгарма)ДрамаБадыраңАвстралияТамсилЕгипет пирамидаларыӨпкөнүн сезгенишиСулайман-ТооТоктогул СатылгановДидактикалык чыгармаларКызылча (оору)Кыргызстандагы жаныбарларАзияАлтынДем алуу системасынын оорулары жана аларды алдын алууКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруСелкинчекГүлГеографияЭлектр чыңалуусуҮндүү тыбыштарМанастын сунушу боюнча кыргыздардын өз жерине көчүп келгениСоодаСалыкКислоталар жана негиздерСанат-насыят ырларыАлмаБакайКыргызстандын экологиялык көйгөйүИнтернет тарыхыФантастикаСимметрияАйлана-чөйрөЭлектрондук почтаЭмчектеги бала🡆 More