Эрнест Резерфорд (англ.
Ал өзөктүк физиканын атасы катары белгилүү. Британника энциклопедиясы аны Майкл Фарадейден (1791-1867) кийинки улуу эксперименталист деп атаган.
Алгачкы эмгегинде Резерфорд радиоактивдүү жарым жашоо түшүнүгүн ачып чыккан. Ал радиоактивдүүлүк бир химиялык элементтин башка бир элементтин өзөктүк трансмутациясына тиешеси бар экенин далилдеген. Ошондой эле альфа жана бета бөлүкчөсүн айырмалаган. Бул иш Канададагы МакГилл университетинде жүргүзүлгөн. Бул анын 1908-жылы алган Нобел сыйлыгынын негизи болгон. Ал "элементтердин бөлүнүшүн жана радиоактивдүү заттардын химиясын изилдегени" үчүн сыйлыкка татып, алгачкы канадалык жана океаниялык Нобелдин лауреаты болуп калган.
Резерфорд 1907-жылы Бириккен Падышалыктагы Манчестер Виктория университетине (азыркы Манчестер университети) көчүп барып, ал жакта Томас Ройдс экөө альфа радиациясы гелий өзөгү экенин далилдеген. Резерфорд эң атактуу эмгегин Нобел сыйлыгынын лауреаты болгондон кийин жараткан. 1911-жылы оң же терс экенин далилдеп бере алган эмес болсо да, ал атомдор өздөрүнүн кубатын абдан кичинекей бир өзөктө топтогонун теория кылган. Ханс Гейгер менен Эрнест Марсдендин тажрыйбасы менен өзүнүн ойлоп табуусу жана Резерфорд формуласын чечмелөө аркылуу ал атомдун Резерфорд моделине чыйыр салган. Ал 1917-жылы изилдөө жүргүзүп, анда нитроген менен альфа бөлүкчөлөрүнүн ортосундагы өзөктүк реакция атомдун алгачкы "бөлүнүшүнө" алып барган. Ошондой эле протонду ачып чыккан (жана атаган).
Резерфорд 1919-жылы Кембриж унивреситетиндеги Кавендиш лабораториясынын директору болуп калган. Анын жетекчилиги астында нейтрон Жеймс Чадвик тарабынан 1932-жылы ачылып чыгып, ошол эле жылы биринчи жолу өзөктүн бөлүнүшү боюнча эксперимент жүргүзүлгөн. Ал толук көзөмөлдөнгөн абалда, өз жетектөөсү менен анын студенттери Жон Кокрофт жана Эрнест Уолтон тарабынан жүзөгө ашырылган. 1937-жылы көзү өткөндөн кийин сөөгү Бириккен Падышалыктын улуу илимпоздорунун катарында, Вестминстер чиркөөсүндөгү Исаак Нүтондун мүрзөсүнүн жанында жерге берилген. Резерфордий аттуу химиялык элемент (104-элемент) 1997-жылы анын урматына аталган.
== Өмүр таржымалы ==Адил крассавчик
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Эрнест Резерфорд, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.