Профессионал Кыргыз Адабияты Жана «Манас».

Профессионал кыргыз адабияты жана «Манас».

Мында биринчи кезекте эпостун жазма адабиятка маанилүү көркөм булактардын бири катары кызмат кылышы, жазуучуларга тийгизген таасири, эпостун салттарынын сакталышы жана өнүктүрүлүшү, аны көркөм өздөштүрүү маселелери жатат. Бул жагдайлар профессионал адабиятта ар түрдүү мезгилдерде ар башкача өттү. 20-жылдарда кыргыз жазуучулары эпосту жыйноо, анын айрым окуяларын өзүнчө бастырып чыгаруу иштерин гана жүргүзүшкөн. «Манасты » көркөм өздөштүрүү 1930-жылдары башталган. К. Тыныстанов «Академиялык кечелер» (1932) пьесалар циклинде эпостун айрым окуяларын, мотивдерин пайдаланган. Акындар Ж. Бөкөнбаев менен К. Маликов «Айчүрөк» операсынын либреттосун жазган мезгилден жазма адабиятка эпостун драматургиялык булак катары таасири башталат. Буга чейин кыргыз адабиятынын тажрыйбасында мындай жанрда жазылган чыгарма болгон эмес. Авторлор эпостун «Семетей» бөлүмүндөгү Семетей менен Айчүрөккө байланыштуу окуяларды тандап алып, операнын музыкалык өзгөчөлүгүнө ылайыкталган текст жаратышкан. Мындагы эпизоддор асресе күчтүү драматизми, каармандардын ачык-айкын мүнөздөрү, патриоттук, сүйүү, достук сезимдеринин күчтүү чагылышы менен айырмаланган. «Манас» эпосу барыдан мурда өзүнүн каармандык, баатырдык, көз каранды эместик идеяларды алып жүргөндүгү менен баалуу. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жазуучулардын эпоско кайрылуусу да ушул жагдай менен байланышкан. Согуш мезгилинде республиканын жана башка театрларда Т. Сыдыкбеков менен К. Рахматуллиндин «Манас жана Алмамбет», К. Маликовдун «Сейтек» пьесалары коюлган. Айрым мүчүлүштүктөрүнө карабастан бул чыгармалар кыргыз драматургиясында урунттуу жаңылык болуп калган. Авторлор эпостун сюжетине кайрылып, анын кызыктуу жерин эле албастан, асыресе эпостун текстиндеги драма үчүн материал боло турган окуяларды кылдат тандап алышкан. Бирок, эпостун айланасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу бул чыгармалар театрлардын репертуарынан алынып салынган. Согуш жылдарында А. ТокомбаевМанастын» обонуна салып, «28 баатыр» аттуу көлөмдүү ырын жазган. А. Токомбаев менен К. Маликов биргелешип жазган «Манас» операсынын либреттосу (1946) кыргыз драматургиясында дагы жакшы саамалык болгон. Операнын экинчи редакциясында, бир топ жакшыртылып, мүчүлүштүктөрү четтетилген, натыйжада улуттук дагы бир жакшы баатырдык опера пайда болду.

«Манас» эпосу — мезгилдин чыгармасы. Убакыт улам арылаган сайын аны көркөм өздөштүрүүнүн улам жаңы жактары ачыла берет. Азыркы адабий процессте буга Ж. Садыковдун көркөм тажрыйбасы айкын күбө. Ал улуу эпостун сюжетинде ««Айкөл Манас», «Манастын уулу Семетей», «Сейтек» драмаларын жаратты. Бул бир жагынан эпоско болгон кызыгуусунун чексиздигин айгинелесе, экинчи жагынан кыргыз адабиятынын арымынын кеңдигин ырастайт. «Манас» эпосу профессионал жазуучулар үчүн жеке эле драматургия жаатында гана эмес, прозада, поэзияда көркөм булак болуп келүүдө. Прозада биринчи кезекте Ч. Айтматовдун эстетикалык ишмердүүлүгү өзгөчөлөнүп турат. Атактуу жазуучу улуу эпосту изилдеп, пропагандалап гана тим болбостон, анын сюжетин, идеяларын, көркөм каражаттарын чыгармаларында өтө билгичтик, чеберчилик менен пайдаланды. Ушул жагдайда «Кылым карытар бир күн» романындагы маңкурттун образын белгилеп көрсөтүү керек. «Манас» эпосунда кытай, калмактар кыргыздарды чаап, талап, тентитип гана турбастан, айрыкча жаш балдардын башына шири кийгизип, кул кылгандыгы айтылат. Ушул кичинекей эпизоддон Ч. Айтотатов маңкурт жөнүндө дүйнөгө тараган легенда жаратты. Мында жазуучу адамды айбандан бөлүп турган, акыл-эстен, аң-сезиминен ажыратып, мал катары пайдалануу антигуманизмдин эң жеткен чеги экендигин гана көрсөтпөстөн, азыркы карама-каршылыкка жык толгон доордо маңкуртчулуктан сак болууга чакырат, анын адамзат үчүн коркунуч экендигин белгилеп, «коңгуроо кагат».

«Манас» Ч. Айтматовдун «көркөм акыл-зээнинде кандайдыр бир айрым үзүндүлөрү, кээ бир белгилери менен эмес, барыдан мурда синкреттик искусствонун улуу туундусу катары, өзүнчө бир бүткөн система катары жашайт» (К. Асаналиев).

Кыргыз совет адабиятынын өнүгүүсү ырастап олтургандай, улуу чыгармага кызыгуу улам арбууда. Азыркы кезде бул багытта жазуучулар А. Жакыпбековдун, К. Жусуповдун, О. Айтымбетовдун тажрыйбалары бир топ алгылыктуу. Булар эпостун материалдарына таянуу менен көптөгөн көркөм изилдөөлөрдү жана жалпылоолорду жүргүзүп, өздөрүнүн оригиналдуу чыгармаларды жаратышкан. «Манас” — акын-жазуучулар үчүн соолбос берекелүү булак. Бирок, аны өздөштүрүү чоң чеберчиликти, зиректикти талап кылат. Эпостун сюжеттерин, образдарын, идеяларын, мотивдерин, көркөм каражаттарын, жалпы эле эпостун зор дүйнөсүн көркөм өздөштүрүү боюнча алдыда али зор милдеттер жатат. Профессионал адабият канчалык жетилбесин, кандай бийикке көтөрүлбөсүн, фольклор анын көркөм булактарынын бири болуп, өзүнүн жаңы «сырларын» улам ача бере тургандыгы айкын.

Колдонулган адабияттар

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

Tags:

«Манас» операсы«Манас» эпосуМанас баатырСейтекСеметейСеметей эпосу

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жамийла (повесть)Улуу Кыргыз ДөөлөтүБиологияТүндүк АмерикаТоп жылдызКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргыз Республикасынын БаатырыАйгүл гүлүТолубай сынчыАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичЧүйКожомбердиев ТурарЫсык-Көл облусуТил катКокон көтөрүлүштөрүАзияУсубалиев Турдакун УсубалиевичЗат жана энергия алмашууБоз үйдүн негизги жабдууларыУбакытЭлектрКыргызстандын Россияга каратылышыТүштүк ЕвропаАт — адамдын канатыЕвропаСөзКайра жаралууСак цивилизациясыКальцийПлантаторБюджетЭкосистемаОрто АзияТөрөтАңгемеСын атоочЭне-Сай кыргыздарынын чарбасыУюлдук телефонКараханийлер мамлекетиАйыл чарбаТүшүндүрмө мүчөЭкстремизмКызыл китепСанжыраДүйнөнүн жети кереметиКеңеш ЖусуповУйкашКөп маанилүү сөздөрБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыИсламКислоталар жана негиздерКыргыз адабиятыУильям ШекспирЭлементтер мезгилдик системасыХлорТамгаТамак сиңирүү системасыЫсык-КөлГигант планеталарОмофондорСан атоочНептунИскусство таанууКош сөздөрКаакымЖаңгакЫсык-Көл облусунун табиятыСырдык сөзХундарУлуу Ата-Мекендик согушБийликтин бөлүнүү теориясыТиш«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруКурманжан ДаткаДемократияКыргызстандын дары сууларыЫйык Рим империясыБуудай🡆 More