Электр-магнит толкундары - мейкиндикте чектелген ылдамдыкта таралуучу электр-магниттик термелүүлөр.
Электр-магнит толкундарын 1832-ж. М. Фарадей ачкан, 1865-ж. англиялык физик Ж. Максвелл электр-магниттик вакуумда жарык ылдамдыгындай ылдамдык менен таралаарын теориялык эсептеп чыккан. 1888-ж. Г. Герц Максвелл теориясынын туура экендигин тажрыйбада далилдеген. Радиотолкундар, жарык, рентген жана гамма нурлануулары түрдүү толкун узундуктагы Электр-магнит толкундары экенин Максвелл теориясы ырастаган. Электр Е жана магнит Н талааларынын жыштыгы w, толкун уз. X менен төмөнкүдөй байланышкан: >.=27icosco, мында с - жарыктын вакуумдагы ылдамдыгы.
Электр-магнит толкундардын өзгөчүлүгү: ал толкундардын пайда болушу жана таралышы Максвелл теңдемеси менен түшүндүрүлөт. Жыштыгына, ошондой эле нурлануу булагына жана дүүлүгүү ыкмасына жараша Электр-магнит толкундары радиотолкундар, оптикалык, инфракызыл, көрүнгөн, ультракызгылт-көк жана гамма-нурлануулары болуп айырмаланышат. Электр-магнит толкундардын энергиясынын берилиши Пойнтинг вектору менен мүнөздөлөт. Эки чөйрөнүн бөлүнүү чегинде Электр-магнит толкундары чагылат жана сынат, ошондой эле таралуу учурунда толкундардын дисперсиясы, дифракциясы, интерференциясы, жутулушу, рефракциясы байкалат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Электр-магнит толкундары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.