Кычкылтек

Кычкылтек (лат.

Oxygenium) – Д. И. Менделеев мезгилдик система VIА группа элементи, к.н. 8, ат. м. 15,9994. Жаратылышта кычкылтек массалык сандары 16О, 17О жана 18О болгон 3 туруктуу изотобу кездешет. Эркин түрүндө эки модификацияда О2 жана О3 (озон) болот. К. металл эместер ичинен эң активдүүсү (фтордон кийинки). Электронго тектештиги 1,467эВ ; коваленттик радиусу 0,066 нм ; мол-сы эки атомдон турат. XVII-к. К. Дреббель К. бөлүп алып, бул газдын дем алуу үчүн өтө зарыл экендигин аныктаган. Таза түрүндөгү К. биринчи жолу (1772-ж.) К.Шееле KNO 3, NаNO3, Mg(NO3)2, 1774-ж. Ж.Пристли HgO бөлүп алган. 1775-ж. А.Лавуазье абанын курамын аныктап, ал К. менен азоттон турарын айткан жана к-талар курамына киргендиктен oxygene – «к-та пайда кылуучу» деп атаган. К. эң кеңири таралган элемент. Атм-да массасы б-ча 23,10 %, көлөмү б-ча 20,95 % чейин болот жана ал азоттон кийинки экинчи орунду ээлейт. Гидросферада 85,82 %, литосферада 52,8 % түзөт. Курамында К. бар 1400 ашуун минералдар белгилүү. Окистенүү, күйүү, чирүү жана дем алуунун натыйжасында атм-да К. санынын азайышы, өсүмдүктөрдө жүрүүчү фотосинтез кубулушунда бөлүнүп чыгуучу К. менен толукталат. К. жытсыз, даамсыз, түссүз газ. Кайноо темп-расы 90,188К. Абадан бир аз оор. Нормалдуу шартта К. 1 л массасы 1,43 г/см3 ; 0 оC 100 көлөм сууда 4,9 көлөм, ал эми 20оС 3,1 көлөм К. эрийт. Сууда жашаган тирүү организмдер үчүн К. эригичтигинин мааниси өтө зор. -182,9оС жана нормалдуу басымда К. көгүлтүр түстөгү, тыгызд. 1,14 г/см3 болгон суюктук; - 218оС көк түстөгү катуу кристаллга айланат. К. гелий, неон жана аргондон башка бардык элементтер менен хим. бирикмелер пайда кылат. Au, Pt, Xe, Kr жана галогенди башка элементтер менен түздөн-түз аракетенет. Фтордон башка жөнөкөй заттар менен болгон реакцияларында окистендиргич болуп саналат. Кээ бир заттар, мис., азот оксиди кан гемоглобини К. менен бөлмө темп-расында биригишет. К. катышуусундагы реакциялардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү-жылуулукту жана жарыкты бөлүп чыгаруусу болуп саналат. Мындай процесс күйүү деп аталат. К. суутек менен реакцияга кирип сууну пайда кылат. Реакция катализатор катышуусунда 80о-100оС тез жүрөт. 500оC жогорку темп-рада К. аталган реакция жарылуу менен жүрөт. щелочтуу металлды (литий башкасын) К. атм-сында күйгүзгөндө пероксиддер М2О2 жана супероксиддер МО2 пайда болот. К. мезгилдик системанын II группа элементтери менен реакцияга кирет. Мис., Ba 20-25оС, Mg жана Be 500оС жогорку темп-рада күйөт. Реакция натыйжасында оксиддер жана пероксиддер пайда болот. Zn, Ca, Hg менен жогорку темп-рада гана аракеттенет. III группа элементтери темп-ранын таасиринде гана аракеттенет да оксиддер пайда кылат. Ti, Zr, Hf К. таасирине туруктуу. К. көмүртек менен реакцияга киргенде СО2 пайда болуп, көп жылуулук бөлүнүп чыгат (394 кДж/моль). Алмаз, графит менен 700оС жогорку темп-рада аракеттенет. Азот менен 1200оС жогорку темп-рада гана аракеттенип NO пайда кылат. NO андан ары NO2 чейин окистенет. VI группа элементтери S, Se, Te К. менен бир аз ысытканда эле аракеттенет. W жана Mo окистениши 400оС байкалат. Лаб-яда К. оксиддер, пероксиддер, оксокислоталар туздарын (KNO3, KClO3, KMnO4) термиялык ажыратуу менен алышат:

Кычкылтек
Кычкылтек.

1) 2KMnO4 t ® K2MnO4 + MnO2 + O2 2) 2KClO3 ® 2 KCl + 3O2

3) 2H2O2 ® O2 + 2H2O

Ө. ж-да К. абанын курамынын -40оС жана 40 атм-лык басым астында суюктукка айлантып ректификациялоо менен алышат. Техникада К. металлды ширетүү, кесүү, авиацияда, суу астындагы сүзүүчү кемелерде жана медицинада дем алуучу газ катары, металлургияда, жасалма суюк отундар, күкүрт, азот к-таларын, сода ж.б. хим. заттар алууда, жардыруу иштеринде колдонулат.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6

Tags:

CaHgZnАт. м.ИзотопторМенделеев, Дмитрий Иванович

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ОрусияБиринчи дүйнөлүк согушКайра жаралууБекмурат уулу БоромбайСөз түркүмүШүкүрбеков РайканСаспаев АманЭркектин репродуктивдик тутумуОн сомХуннуУзакбай АбдукаимовБайдылда СарногоевИхлас сүрөсүИскактын көтөрүлүшү (1873–75)«Жаңыл Мырза»Викимедиа фондуЧернобыль авариясыКудаяр ханАбдыкерим СыдыковЖапонияКаакым-кукумМундуз (уруу)Ош мамлекеттик университетиТүштүк АмерикаБаш мүчөПульсЕвразияКуяң (радикулит)Кыргыздардын тарыхыАйлардын кыргызча аталышыТоголок МолдоАнатай ӨмүркановАлгачкы коомАлкендерТүштүк КореяКыргызстан 2024 жайкы Олимпиада оюндарындаТранспортҮркүнСууга чөгүүНоокат районуЖоомарт БөкөнбаевДиалектӨпкөнүн сезгенишиГерманияЗордуктоо«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруСаякбай КаралаевКыргызстандын гимниКыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетиХундарКойДааратКудайлар тууралуу мифтерСибирь кыргыздарыСот бийлигиЖакыпбеков АшымПублицистикаТамак сиңирүүЧыйырдыПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыКоллоиддик химияЖомокМанас эпосунун өзөктүк окуяларыБулбулАзотАбдыкадыр ОрозбековМуун (лингвистика)ПортугалияСөздүк (лингвистика)Казат АкматовСөөк системасыУлуу Ата-Мекендик согушОрозбак уулу СагымбайБаланын психикасынын өөрчүшүОмоним🡆 More