Жандооч - өз алдынча турганда лексикалык бир маанини билдире албаган, сүйлөмдөгү сөздөрдү өз ара байланыштыруу үчүн кызмат кылган же аларга кошумча маани берген кызматчы сөздөр жандоочтор деп аталат.
Мисалы: Асан шаарды карай кетти. Алым менен келдим. Бул сүйлөмдөгү жандоочтор карай, менен. Шаар деген зат атоочтун табыш жөндөмөсүндө турушу карай деген жандоочко байланыштуу, анын табыш жөндөмөдө турушун карай деген жандооч байланыштырып турат. Экинчи сүйлөмдө Алым деген сөздүн атооч жөндөмөдө турушун кийинки айтылган менен деген жандооч талап кылып турат. Эгерде бул сүйлөмдөрдөгү карай, менен деген жандоочторду алып салсак, Асан шаарды кетти, Алым келдим болуп, байланышсыз, түшүнүксүз айтылар эле. Кай жакка? (кайда?) кетти? Шаарды карай (кетти). Ким менен келдиң? Алым менен (келдим) деген гана туура, байланыштуу айтылат. Бул сүйлөмдөрдөгү карай, менен деген жандоочтор гана өзүлөрүнөн мурунку атооч сөздөрдү (шаар, Асан) кет(ти), кел(дим) деген этиш сөздөр менен байланыштырды. Буларды сүйлөм мүчөлөрүнө ажыратканда шаарды карай, Алым менен деп, бирге карайбыз.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жандооч, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.