Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору — Кыргызстандын өз алдынча, эгемендүү мамлекет экенин далилдеген негизги белгилер.
Аларга мамлекеттик туу, герб жана гимн кирет. Көз каранды эмес республикалык болуп жарыяланганга чейин мамлекеттик символикалардын бардык түрүндө коммунисттик идеологиянын белгилери (орок-балка, 5 бурчтуу жылдыз, пролетардык ураан ж. б.) сакталып келген. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуп жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 1992-жылы 3-мартта мамлекеттүүлүктүн башкы белгиси болуп, кызыл түстөгү туу (авторлору — С. Иптаров, Б. Жайчыбеков, Ж. Матаев, М. Сыдыков, Э. Айдарбеков), ошол эле жылы 18-декабрда мамлекеттик гимн (авторлору — Ж. Садыков, Ш. Кулуев, К. Молодобасанов, Н. Давлесов), 1994-жылы 14-январда мамлекеттик герб (авторлору — А. Абдраев, С. Дубанаев) кабыл алынган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.