Чоң казат — «Манас» эпосундагы негизги өзөк окуялардын бири.
Кеңири белгилүү салттык туруктуу чоң эпизод, эпостун окуяларынын жалпы өнүгүшүндөгү кульминациялык чек. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Чоң чабуул» деген ат менен айтылат, бирок манасчылардын көпчүлүгүндө «Чоң казат » делет. Эпостогу элге өзгөчө кеңири белгилүү эпизод болгондуктан бөлүмдүн өз алдынча айтылган варианттары да арбын. Айрыкча жети кандын чатагы, Алмамбет менен Чубактын жол талашканы, жылкы тийүү сыяктуу окуяларды өзүнчө аткаруу учурлар көп кездешет.
Бөлүм туруктуу салттык окуялардын ичиндеги эң көлөмдүүсү болгондуктан, көптөгөн окуя — эпизоддордон турат. Айрым окуялар курулушу, тематикасы жактан өзүнчө чыгарма катары айтылат. Мисалы, жети кандын чатагы, Макел дөө жана башкалар
Өткөн кылымдын орто чендеринде кыргыз жергесинде болуп, «Манасты» кагаз бетине түшүргөн орус окумуштууларынын эпос жөнүндөгү маалыматтарында «Чоң казат» өзүнчө чоң бөлүм катары эскерилбейт, бирок Валиханов жазып алган эпизоддо да, Радлов жазып алган вариантта «Көкөтөйдүн ашына » улай айтылган чоң согуш эскерилет. Айрыкча Валиханов жазып алган эпизоддо аш учурунда байгесин тарттырып, ыза болгон Манас камданып алып жортуулга барып, Жолойдун жылкысын тийгени, согушта Жолой, Коңурбай Манас колдуу өлгөнү айтылат. Ушул эле үзүндүдө Тал-Чоку, ага чыгып дүрбү салуу сыяктуу «Чоң казаттагы» кеңири белгилүү деталдык белгилер да бар. Бул окуяларды «Чоң казаттын» кыскартылган үлгүсү катары кароого болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Чоң казат, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.