Электр кыймылдаткыч күчү, ЭКК - электр чынжырына туташтырылган, табияты электр-статикалык эмес энергия булагы.
Жалгыз электр-статикалык күч туюк чынжырда туруктуу электр тогун кармап тура албайт, себеби туюк контурда заряддарды кыймылга келтирүүчү бул күчтөрдүн аткарган жумушу нөлгө барабар, ал эми тизмекте ток жүргөндө өткөргүчтөр ысып, энергия бөлүнүп чыгат. Тизмекте белгилүү чоңдуктагы ток үзгүлтүксүз болушу үчүн сырткы электр булагы керек, ал энергия заряддалган бөлүкчөлөрдү кыймылга келтирип турат. Сырткы энергия булагы тизмекте кошумча электр талаасын пайда кылуу менен туюк контурдагы бул талаанын жумушу эч качан нөлгө барабар болбойт. Туюкталган тизмектеги булактын ЭКК анын кыскычтарынын электр чыңалуусуна барабар. ЭКК берилген каршылыктуу чынжырдагы ток күчүн аныктайт (к. Ом мыйзамы). Электр чыңалуусу сыяктуу эле вольт (В) менен өлчөнөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Электр кыймылдаткыч күчү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.