Мамбетимин уулу Казыбек (1901-1936) ― жыйырманчы кылымдын алгачкы үчилтигиндеги кыргыздын чыгаан акыны.
Сталинизмдин курмандыгы болгон.
Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы (кайсыл ай экени белгисиз) Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда Келтебек(азыркы Казыбек айылына жакын) деген бөксө жайлоодо жарык дүйнөгө келиптир.
Атасы Мамбетимин (бир кабарда азан чакырып койгон аты Күчүк) чынжырдуу манап болбосо да, ошол аймакка аты дайын бардар адам болуптур.
Бир жагынан ал киши диний сабаты бар, исламдын парзын бийик кастарлап өтүптүр. Мына ушундай атанын баласы болгон соң Казыбек эс тарткандан баштап арабча кат таанып, сабаты диний багытта ачылыптыр.
Алаңгыча, совет бийлигинин бай, манаптарды кулакка тартмай саясаты дүрт этип от алып, анын жалыны Мамбетиминди да каптайт, мунун айынан Казыбек да "кулактын баласы аталып, ата-энеси менен кырк төрт манапка кошулуп, алыскы Орунбоор калаасына айдалыптыр.
Ошондо Казыбек:
Миң тогуз жүз жыйырма
Тогузунчу жылында,
Бай манап деп айдалып,
Буйрук менен кез болдук,
Бул өңдөнгөн кыйынга.
Кармаган, тапкан буюмдан
Калбады бирөө ырымга.
Деп каңырыгы түтөп, тагдыры тайкы жолго түшкөнүнө катуу өкүнгөн экен.
Кандай шарт себептер менен экени белгисиз, Казыбек 1931-жылы Орунбоор камагынан бошонуп, Ат-Башыга кайтып келиптир.
Ат-Башыга келсе аердеги түптүү манап Абдылда Жаанбай уулу Кытайга өтүп кетүүгө элди көндүрүп, камылгасы бышып калыптыр. Казыбек да Абдылданын сөзүнө кирип, көчкөн элге кошулуп Кытайга качып өтүп кетет.
Аякта үч жылча жүрүп, 1934-жылы тууган жерге кайрылып өтмөкчү болгондо Каракол сыртындагы чек арачылардын колуна түшүп калат да, суракка алынат.
Бул 1935-жылдын июнь айы экен. Ошентип, Казыбектин иши бүттү, деп турганда атуу өкүмү чыгарылгандан туура эки ай өткөн соң СССР Жогорку Сотунун Аскер коллегиясы мурдакы өкүмдү бузуп, (мунун себептери да белгисиз)он жыл түрмөгө кесиптир.
Түрмөдө көргөн күнү жөнүндө так маалыматтар жок, бирок түрмөнүн азап-тозогу жалпысынан белгилүү эмеспи. Бир жагынан жалган жалаадан камыккан Казыбек ыр менен арыз жазып, Сталиндин өзүнө кайрылыптыр, ал арызды өзү менен кошо камакта отурган, мурда райкомдо идеология боюнча катчы болуп иштеген Карабеков деген орусчаны суудай билген жигит которуп, эптеп жолун таап жөнөтүп ийишкен экен.
Бирок ал арыз тиешелүү кишиге жетип, “бошотулсун” деген жооп келгиче кайран Казыбек оо дүйнөгө өтүп кетиптир.
Атаганат, "баш аягы тополоң боло калган дүнүйө. Бирден өтүп бирөөгө, кала келген дүнүйө деп ырчы өзү айткандай, бу жарыкчылыктын жалгандыгы ушунда белем...Айтмакчы, Казыбектин өлүмү тууралуу эл арасында эки ача пикир айтылат.
Анын бири Казыбектин казалдарын далай жыл эл оозунан жыйнап, кагазга эрикпей түшүрүп келген Болотбек Исабековго таандык.
Ал кишинин айтымында Казыбек 1943-жылы түрмөдөн аман-эсен бошоп келатып, Өзгөндүн Мырза-Акесине келгенде каза табат имиш.
Ал эми убагында Казыбек менен камакта чогуу отурган, азыр Нарын (мурдагы Тянь Шань) районундагы Кызыл-Жылдыз айылында жашаган эмгек ветераны Макеев Төлөмүш Казыбек бошонуп келип, Мырза-Акеде көз жумганын караманча төгүнгө чыгарып, мындай деди:
"1936-жылы январь айында Ташкендин "Чирчикстройго" жөө айдап барды. Ошол жылы жай келгенде Казыбек ич өткөк дартка кабылды, бир топ күн жатып жөнүгө албай, ошол дарттан каза болду. Мусулмандар чогулуп, сөөгүн ошол жерге коюп куран окудук. Ошондо жашы 42ге барган экен, кайран кишинин. Өңү сулууча келген, сыйда муруттуу келишкен киши эле. Бош боло калганда комузун колунан түшүрбөй, төгүп эле отурчу".
Баса, Казыбек каза болгондон кийин комузу өзүнүн айылдашы, камакка чогуу айдалып келген кишинин колунда калган.
"Көп өтпөй бизди бөлүп, башка жакка айдап кетти. Андан кийинкисинен кабарым жок", - дейт Т.Макеев.
Казыбек бир атадан эжеси Калдык экөө эле экен. Өзү эки эркек, бир кыз көрүптүр. Бирок эки эркеги эртелеп көз жумуп, кызы Таажыгул 1937- жылы Кашкарда каза болуптур.
Ошентип, тагдырдын ырайымсыз мыйзамы Казыбекти тукум жагынан да аябай өксүтүптүр.
Айрым архивдик даректерде сакталып калган жана эл ичинде эскерип айтылган учкай маалыматтар боюнча Казыбектин өмүр таржымалы мына ушундай.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мамбетимин уулу Казыбек, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.