Диалект, (тилтарам) (грек.
dialektos — сүйлөө, сүйлөшүү) — жалпы элдик тилдин бир бөлүгү, белгилүү бир аймакка тараган тилдик бөтөнчөлүктөр; тилдин кээ бир грамматикалык, фонетикалык жана лексикалык өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган түрү. Кыргыз тилинде «түндүк» жана «түштүк» деп шарттуу аталган эки диалект бар. Түндүк диалектиге: Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облусунду, ал эми Түштүк диалектиге: 0ш, Жалал-Абад, Баткен облусунда, жана Өзбекстан менен Тажикстанда жашаган кыргыздардын тили кирет, мисалы, чака (түндүк) челек (түштүк), чөбөгө (түндүк) табак (түштүк). Көркөм чыгармада каармандардын образын ачып берүү үчүн колдонулат. Адабий тилдин жана ММКлардын өнүгүшү менен диалектилик айырмачылык бара-бара жоюлушу мүмкүн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Диалект, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.