Айтматов, Төрөкул

Айтматов Төрөкул - (1903, Олуяата уезди, Күркүрөө болушу, азыркы Кара-Буура району, Шекер айылы - 1938, Фрунзе) - саясий жана мамлекеттик ишмер.

1917-ж. орус-жергиликтүү мектебин бүтүргөн. 1920-21-ж. болуштук ревкомдун, Грозный кыштагындагы жарды-жалчылар комитетинин секретары болуп иштеген. 1924-ж. Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетин бүтүргөн. 1924-26-ж. ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана башчысы, 1926-29-ж. Каракол-Нарын округдук комитетинин, Жалал-Абад кантондук комитетинин секретары, 1929-31-ж. Кыргыз АССРинин өнөр жай-соода эл комиссары жана Эл чарбасынын борбордук советинин председатели, 193133-ж. партиянын Араван-Буура райкомунун 1-секретары, 1934-35-ж. ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун 2-секретары болуп иштеген. 1935-37-ж. Москвадагы Кызыл профессура институтунда окуган. Анын демилгеси менен 1926-жылдан кыргыз тилинде «Коммунист» партиялык-саясий журналы чыга баштаган. Айтматов 1927-28-ж. республиканын түштүгүндө жер-суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссияны жетектеген. 1937-ж. 1-декабрда жазыксыз камакка алынып, ага «куралдуу жол менен Совет бийлигин кулатууну жана Англиянын протекторатынын астында буржуазиялык-улутчулдук мамлекетти түзүүчү милдет кылып алган, Кыргызстанда бети ачылып, жок кылынган контрреволюциячыл-улутчул «социал-туран» партиясынын көрүнүктүү ишмери» деген күнөө коюлган жана 1938-ж. 5-ноябрда атылган. 1957-ж. акталып, партиялуулугу калыбына келтирилген. Сөөгү 1991-ж. Чоң-Таш айылындагы Ата-Бейит көрүстөнүнө ариет - аза менен коюлган. Туулуп-өскөн жери - Шекер айылындагы мектепке Айтматовдун ысмы коюлуп, эстелиги орнотулган (1992).

Айтматов, Төрөкул

Колдонулган адабият

  • Айтматова, Роза Торекуловна. Белые страницы истории: (Мои воспоминания). – Б.: ОсОО «V.R.S. Company», 2013. – 268 с. - ISBN 978-9967-27-080-0.
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Tags:

Кара-Буура районуФрунзе

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаЗаара бөлүп чыгаруу системасыМанас эпосу, ЭнциклопедияКойМодал сөздөрАлмамбеттин баяныСпортАнглис тилиКыргыз автономиялуу облусуТиричиликОрусияЭмгекФразеологизмСөз айкашыКоллоиддик химияМаданиятКыргыз Советтик Социалисттик РеспубликасыДем алууИшмердүүлүкФонетикаКыргыздын улуттук кийимдериКыргыз тилиРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)КаныбекБаскетболТөрөттөн кийинки мезгилТүрдүн пайда болушуБиогеоценозДыйканчылыкКубанычбек МаликовБугу (жаныбар)Гапаров МурзаЖер кыртышыЖөргөмүшМаданий өсүмдүкКыргыздын чен бирдиктериТөл сөзТамеки чегүүТактоочКыргыз композиторлоруБайчечекейОш облусуЖарык дисперсиясыҮнсүз тыбыштарКокон хандыгыТыбышӨтмө мааниБулганыч сууларды тазалооКоомЖер көчкүШайлообек ДүйшеевТрансформаторПланетаОрмон ханКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруНарын облусуЖер атмосферасыКеңештер БирлигиГалактикаМахмуд КашгариТамак сиңирүү системасыАлыкул ОсмоновЖердин айлануусуГлобалдык көйгөйлөрВирусӨзгөрмө токКыргызстанАбсамат МасалиевТемирСоң-КөлТериКыргыз-Казак согушу (1846)ЭтишIP-дарекДүйшөнкул ШопоковКалийДаван мамлекетиҮч бурчтук🡆 More