Модал сөздөр — сүйлөмдө айтылган ойдун мазмунунун чындыкка карата болгон ар түрдүү катышын көрсөтөт.
Модал деген термин латындын «modus» ― ык, жол деген маанидеги сөзүнөн алынган. Тактап айтканда сүйлөөчүнүн тигил же бул кыймыл-аракетти иш жүзүнө (чындыкка) ашырууга мүмкүндүгүн, зарылдыгын, айтылган ойдун аткарыларына ишенгендикти, күмөндүүлүктү же болжолдоо, ырастоо сыяктуу субъективдүү мамилесин билдирет.
Тарыхый жагынан модал сөздөр маани берүүчү негизги сөздөрдөн чыккан. Кийин сүйлөм ичинде жаңы функцияда айтылган ойдун чындыкка карата болгон мамилесин көрсөтүү функциясында колдонула башташы менен, алар акырындап алгачкы лексикалык маанисинен алыстап, абстракттуу мааниге ээ болуп, сөздөрдүн өзүнчө бир тобун түзүп калган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Модал сөздөр, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.