Өзгөрмө ток - убакытка жараша чоңдугу жана багыты үзгүлтүксүз өзгөрүп туруучу электр тогу.
Өзгөрмө токту өзгөрмөлүү чыңалуу пайда кылат. Өзгөрмө токтун жыштыгы (f) аны мүнөздөөчү негизги чоңдук болуп эсептелет. Байланыш техникасында, медицинада жана илимдин кээ бир тармактарында түрдүү жыштыктагы өзгөрмө ток жана импульстук ток колдонулат. Электр энергиясын берүүдө жана бөлүштүрүүдө көбүнчө өзгөрмө ток пайдаланылат. Өзгөрмө ток жарым өткөргүчтүү түзөткүч менен түзөтүлөт. Өзгөрмө токтун генератору жана кыймылдаткычы бирдей кубаттуулуктагы туруктуу токтун машиналарына салыштырганда түзүлүшү жөнөкөй, арзан жана ишенимдүү иштейт. Өзгөрмө токтун күчү турактуу токтун жылуулук аракети менен салыштырылып мүнөздөлөт. Эң жөнөкөй жана өтө маанилүү учурда өзгөрмө токтун көз ирмемдеги мааниси i убакытка карата синусоида закону боюнча өзгөрөт: i=Imsin(ωt+ß), мында Im токтун амплитудасы; ω=2Πf анын айланма жыштыгы; α алгачкы фаза. Синусоидалык токту ошол эле жыштыктагы синусоидалык чыңалуу U= U msin(ωt+ß) пайда кылат. Мында Um чыңалуу амплитудасы, ß баштапкы фаза. Тармакталган өзгөрмө ток тизмегин эсептөө үчүн Кирхгоф эрежеси пайдаланылат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Өзгөрмө ток, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.