Сезүү органдары — сырткы таасирлерди кабыл алып, аны нерв импульсуна айландырып, борбордук нерв системасына жеткирүүчү түзүлүштөр.
Айлана-чөйрөнүн көптөгөн таасирлери тери, көрүү, угуу, тең салмактуулукту сактоо, жыт сезүү жана даам сезүү органдары аркылуу кабыл алынат. Сезүү органдарынын жардамы менен кабыл алынган күчү жана түрү боюнча ар кандай таасирлер мээге жеткирилип, айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүнө жараша ылайыкталган жооп кайтарылып турат.
Териде жайгашкан нерв учтары бир нерсе тийгенде, басымды, ооруну жана температураны кабыл алат; тилдин былжыр челинде жайгашкан атайын сезүү аппараттары даам сезет. Айрым сезүү органдары ошондой айлана-чөйрөнүн таасирлерин алыстан кабыл алат. Мисалы, көрүү органы — жарык нурун, угуу органы — абанын термелүүсүн (үндү), ал эми тең салмактуулукту сактоо органы киши денесинин жана анын бөлүктөрүнүн абалынын өзгөрүшүн кабыл алат.
Сезүү органдары түзүлүшү, аткарган кызматы жана өсүп, өнүгүшү боюнча борбордук нерв системасы менен тыгыз байланыштуу. Сезүү органдары анализаторлордун четки бөлүгү болуп эсептелет. Сезүү органдарынын жардамы менен организм айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсү жөнүндө информацияны кабыл алып, изилдеп, анализдеп, ал чөйрө боюнча реалдуу субъективдүү сезим пайда болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сезүү мүчөлөрү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.