Ит (лат.
Дүйнөнүн бардык жеринде кездешет. Түпкү теги карышкыр. Мезолит доорунда колго үйрөтүлгөн; 400дөн ашык породасы белгилүү. Алар дене түзүлүшү, түсү, көлөмү ж. б. белгилери боюнча айырмаланат. Иттин 42 тиши болот. Алдыңкы буту 5, арткы буту 4 (5-си кошумча) манжалуу. Иттин угуу, көрүү, жыт алуу сезими өтө жакшы өнүккөн. Секирүүгө, сууда сүзүүгө да жөндөмдүү. Канчыктары 7–8 айында жетилип, 1–2, кээде 12–18ге чейин күчүк тууйт. Бирок, алардын 6–7син гана багып чоңойто алат. Күчүктөр бир ай энесинин сүтүн эмип, кийин кошумча эт-сүт, кан, ботко жашылча ж. б. менен азыктанышат. Ит атайын питомникте, аңчылык чарбада ж. б. коомдо, клубда багылат. Иттин мээси дурус өөрчүгөндүктөн, аларды ар кандай иштерге үйрөтүүгө болот. Алар жөндөмдүүлүгүнө жараша үч топко бөлүнөт: аңчы ит, ишчил ит жана эрмектик ит. 1) аңчы ит тайган, такса, лайка, куугунчу, ийинге кирүүчү, боортоктоп жылуучу породалар. Кыргыздар илгертен аңчы ит катары тайганды жогору баалашкан; 2) ишчил ит бугу баштуу лайка, пудель, чегилме иттер, кавказ, чыгыш европа жана түштүк орус карышкыр ити; 3) эрмектик ит француз бульдогу, япон ити, скайтерьер, кандек, шпиц породалары. Ит кутурма, котур, чакалай сыяктуу жугуштуу жана мите курттуу ооруларга чалдыгат. Ит дайыма ветеринардык текшерүүдөн өткөрүлүп турушу керек.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ит, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.