Окутуу Технологиясы

Окутуу технологиясы – билим берүү стандартында, окуу программасында көрсөтүлгөн максатка жетүү үчүн окутуунун методдорун, каражаттарын, формаларын, шарттарын иштеп чыгуунун, тандоонун, колдонуунун жана текшерүүнүн жолу.

«Технология» – «техника» жана «логия» деген эки сөздөн турат. «Техника» – искусство, чеберчилик дегенди, ал эми «логия» – түшүнүү, үйрөнүү, окуу дегенди билгизет. Демек, технология – искусствого, чеберчиликке үйрөнүү. Окутуу технологиясы – окутуу чеберчилиги, окутуу искусствосу. Окутуу технологиясы окутуунун максаты, мазмуну жана принциптеринин негизинде иштелип чыгат. Ал өз ичине окутуу методу, окутуу каражаты, окутууну уюштуруу формасы, окутуунун шарты, текшерүү, баалоо, окутуунун жыйынтыктары ж. б. камтыйт. Чет элдик жана атамекендик дидактикада окутуунун технологиясынын ар кандай модели түзүлгөн. Алар бири-бири менен тыгыз байланышта жана бири-бирин толуктап турат. Алар:

маалымат берүү жана кайталоо модели;

  • Оутуунун өнүктүрүүчү модели; окутуунун активдештирүүчү модели;
  • Окутуунун оптималдаштыруучу модели; окутуунун интеграциялоо модели;
  • Эркин байытуу модели; окутуунун инсанга багытталган модели.

Жогоруда келтирилген моделдер ар кайсы тарыхый-социалдык этаптарда пайда болгон. Алардын ар бири дидактикалык атайын теорияга негизделген. Мисалы, окутуунун маалымат берүү жана кайталоо модели Я. А. Коменскийдин заманынан ушул күнгө чейин жашап келе жатат. Мында мугалим окуучуларга окуу маалыматтарын даяр түрдө беришет, ал эми окуучулар аларды кабыл алышат, түшүнүшөт жана кайталап айтып беришет. Окутуунун калыптандыруучу модели окуучулардын акыл эмгегин жана ил. элестерин, түшүнүктөрүн белгилүү этаптар бчоюна калыптандырууга арналган.

Бул теориянын автору белгилүү психологдор жана дидакттар П. Я. Гальперин, Н. Ф. Талызина, А. В. Усова ж. б. Окутуунун өнүктүрүүчү модели 60-жылдарда пайда болгон. Анын негизги баштоочусу Л. В. Занков башталгыч билим берүүнүн программасы жана окутуу методикасы окуучулардын жалпы өсүүсүнө жардам бербестен, ар кандай окуу материалдарын жаттап алууга гана шарт түзөрүн ашкерелеген. Бул оюн ал Л. С. Выготскийдин «окутуу өнүгүүнүн алдында жүрүүгө тийиш» деген жобосу менен негиздеген. Өнүгүүгө багыттап окутуу идеясын башка психологдор (В. В. Давыдов, Н. Я. Менчинская, Н. Ф. Талызина, А. И. Якиманская, Д. В. Эльконин ж. б.) тарабынан да колдоого ээ болуп, алар бул моделдин теориясын түзүүгө зор салымдарын кошкон. Окутуунун активдештирүү модели окуучуларга билимдерди даяр түрдө бербестен, ага шарт түзүүгө арналып иштелген. Бул дидактика "маселелүү окутуу" деген ат менен белгилүү. Бул багыттын баштоочулары жана негиздөөчүлөрү Дж. Брунер, И. Я. Лернер, М. М. Махмутов, В. Оконь, М. Н. Скаткин ж. б. болушкан. Окутуунун оптималдаштыруу модели көрүнүктүү педагог Ю. К.Бабанскийдин жетекчилигинде түзүлгөн. Анын мазмунун берилген шартта мугалимдин жана окуучулардын минималдуу аракеттерин жумшоо менен кыска убакыт ичинде жогорку натыйжага жетишүү дегенди билгизет.

Окутуунун интеграциялоо модели ар кандай предметтерден алынган билимдерди бири-бирине шайкеш келтирүү, ылайыкташтыруу, системалаштыруу максатын көздөйт. Ал илимдин өнүгүшүнүн философиядагы интеграциялоо жана дифференциация принциптерине (Б. П. Кедров, М. Г. Чепиков, А. Н. Федосеев ж. б.) негизделген. Дидактикада биринчилерден болуп кесиптик билимдер менен жалпы билимдерди интеграциялоо процессинде (М. Н. Берулава) ишке ашкан. Интеграциялоонун алгачкы элементи болуп окутуу процессинде тектеш предметтерди байланыштырып окутуу саналат. Инсан таламдуу багытталган окутуу модели кийинки убактарда гана пайда болду. Бирок анын элементтери буга чейин эле ар кандайча аталып келген. Мисалы, гумандуу педагогика, неопрагматизм, экзистенциализм, неопедоцентризм, эркин тарбиялоо, кызматташуу педагогикасы ж. б. Бул идеялардын негизинде гумандуулук психологиясы (А. Маслоу, К. Роджерс ж. б.) турат. Ал инсанды татаал, кайталанбаган өз алдынча баалуулук катары кабыл алат.

Адамдын бардыгы бирдей, алар бири-бирин кемсинтүүгө укугу жок. Мына ушулар инсанга багытталган окутуунун моделин түзүүгө негиз болгон принциптер болуп эсептелет. Билим алуунун эркин байытуу модели ар бир адамдын өз билимин көтөрүүгө, байытууга болгон жеке муктаждыгы менен мүнөздөлөт. Ал көбүнчө балдардын музыкалык билим алуусу, чет тилдерин үйрөнүүсү, спорт менен машыгуусу, репетитор жалдап билимин көтөрүүсү аркылуу ишке ашат. Бул моделдин мазмунунда бардык окуучуга бирдей көрсөтмө же программа болушу мүмкүн эмес. Бирок ал процессти уюштурууга коюлуучу жалпы талаптар, натыйжасын жогорулатуунун жалпы жоболору болуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Колдонулган адабияттар

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004

Tags:

Билим берүүДидактикаИскусствоТехникаТехнология

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Манас эпосу, ЭнциклопедияМанасчыСелДене тарбияЮпитерКулак чуулдооТамак сиңирүүРысбай ИсаковКыргызстандын туусуКаакымКараханийлер мамлекетиАрхитектуралык эстеликтерАнглис тилиНаркул уулу НурмолдоИчкиликАжы бийБайыркы түрк жазма эстеликтериБака жалбыракУланма реакцияларКыргыз тилинин грамматикасыОрусияАлай районуМарсКан айланууСПИДБурана (мунара)КалпакТүндүк Кыргызстандын Россия менен элчилик алакаларыКожожашРоботСалыкАк кеме (тасма)ЛексикаКосмосТүрк кагандыгыКайра курууСиреньЭпикалык текАсыл таштарАвстралия (континент)Кургак учукАйКурутТарбиялоонун методдоруБекмурат уулу БоромбайАялдын жыныс органдарыГерманияӨпкөнүн сезгенишиЫйык Рим империясыМоскваЖөндөмөРуслан АкунКыргыздын улуттук кийимдериҮндүү тыбыштарКара-Суу районуЕвропаЖүлүнОмонимМоңолдорБөйрөкАлгачкы коомТянь-Шандын түштүк тизмегиКанаат-ШааСыймык БейшекеевКыргыз адабиятыКасымалы ЖантөшевТеңир-ТооCookieЧернобыль авариясыУстуканКыргыз Каада-салттары / Үйлөнүү үлпөтүКумурскаКыргыз Республикасынын Кызыл китебиКожомбердиев ТурарОй жүгүртүү (философия)Баланын укуктары жөнүндө конвенция🡆 More