Өпкөнүн сезгениши (пневмония) — өз алдынча же башка оорулардын кабылдоосу катары инфекция пайда кылуучу өпкөнүн оорусу.
Өпкөнүн сезгениши жукпайт, бирок аны бактериялар (пневмококк, стрептококк, стафилококк) жана вирустар (грипп, аденовирустар) козгойт. Козгогучтар адатта бронхтор аркылуу кирет. Суукка урунуу (айрыкча нымдуу жерде), кара күч жана акыл эмгегинен ашыкча чарчап чаалыгуу, өпкө оорулары, жетишсиз тамактануу, тамеки тартуу сыяктуу факторлор дем алуу жолундагы микрофлораны активдештирип, өпкөнүн сезгенишинин пайда болушуна түрткү болот.
Өпкөнүн сезгениши катуу кармаган жана өнөкөт болуп бөлүнөт.
Өзөктүү өпкөнүн сезгениши (бронхпневмония) көп учурда башка оорулардын кабылдоосунан болот. Жөтөлөт (кургак же какырыктуу), дем алганда жана кыймылдаганда капталы оорушу мүмкүн. Дененин температурасы 38°Сге чейин көтөрүлүп (кээде андан да жогору), 3—5, кээде 10 күнгө чейин төмөндөбөйт. Оорулуунун алы кетип, көп тердейт, айрыкча түнкүсүн демигет. Өпкөнүн сезгениши демейде вирустар пайда кылат. Оору акырындап күчөп, организмди начарлатат. Өпкөнүн сезгенишин өз убагында туура дарылаганда 3—4 жумада оорулуу толук айыгат. Антибиотиктерди туура эмес пайдаланып, өзүн өзү дарылоодон оору улаарып, өнөкөт түрүнө өтөт.
Өпкөнүн сезгенишин алдын алуу чараларына жалпы организмди чыңдоо, аракечтик, тамеки тартууга каршы күрөшүү, инфекция очогун жоготуу, бронхитти өз убагында дарылоо, тиричилик жана жумуш шартын жакшыртуу кирет.
Бир жашка чейинки балдардын өпкөнүн сезгенишинин айрым өзгөчөлүктөрү бар. Айрыкча начар, ара төрөлгөн, итий, аз кандуулук менен ооруган, гипотрофия болгон балдар көп ооруйт. Балдарда өпкөнүн сезгениши өтө оор өтөт, убагында медициналык жардам көрсөтүлбөсө өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Балдарда Өпкөнүн сезгениши көбүнчө грипп, сасык тумоонун кабылдоосунан болот. Өпкөнүн сезгенишинин алгачкы белгилери: бала демигет, мезгил-мезгили менен бети, айрыкча эрди менен мурдунун тегереги көгөрүп, ичи өтүшү мүмкүн (Диспепсия), уйкусу качып, тамакка табити тартпай, эмчек эмбей кулгуйт, кусат, эмчек эмгенде бети көгөрөт, арыктайт. Кээде кыркырап, онтоп дем алып, ууртунан көбүктүү шилекей чыгып, мурдунан суу агат, жөтөлөт. Кичинекей балдардын, айрыкча ымыркайлардын өпкөнүн сезгениши опурталдуу. Дене температурасы 37,1—37,3° С, кээде денеси ысыбай эле баланын абалы өтө оор болот. Оорунун белгиси билинер замат врачка кайрылуу керек. Мындай оорулуу баланы туура багуу жана дарылоо оорукана шартында гана камсыз болот. Эгерде баланы үй шартында дарылоого туура келсе, аны тынч бөлмөгө жаткызып, жакшылап көз салуу зарыл. Ал жаткан бөлмөнүн чаңын суу чүпүрөк менен күнүнө сүртүп, тез-тез желдетип, аба өтө кургак болсо ным сүлгүнү үй жылыткычка жаап коюу керек. Балага денесин кыспаган кийим кийгизип, улам бир капталына жаткырып, колго алып туруу балага жеңилдик берет. Баланы суук мезгилде форточкасын ачып, жылуу мезгилде терезени ачып уктатуу керек. Врачтын уруксатынан кийин гана сыртка сейилдетүүгө болот. Оору 2ден 8 жумага чейин созулат. Өпкөнүн сезгениши көбүнчө ортоңку кулактын сезгениши (к. Отит) жана плеврит сыяктуу кабылдоолорго алып келиши мүмкүн. Балдардын өпкөнүн сезгенишинин тез жана так сакайышы врачтын көрсөтмөсүн ата-эненин так аткарышына жараша болот (Дем алуу системасы макаласын караңыз).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Өпкөнүн сезгениши, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.