Ит Сымалдар

Ит сымалдар (лат.

Дене узундугу 40 смден (майда түлкүлөр) 160 смге (карышкыр) жетип, башы сүйрү, тумшугу кууш, кулагы тик, куйругу узун. Алдыңкы буттары 5, арткысы 4 манжалуу; тырмагы мокок, жүнү жыш. Түсү ар кыл. Антрактидадан башка бардык материкте 14 (же 12) уруусу, 35 түрү таралган.

Ит Сымалдар
Ит сымалдар.

КМШ өлкөлөрүндө 5 уруусунун 8 түрү, Кыргызстанда карышкыр, түлкү, ак түлкү, кызыл карышкыр, жанат сымал ит, чөө кездешет. Узак убакыт түгөй куруп жашаган моногамдар. Түрдүү ландшафттарды мекендеп, ийин же үңкүрдө жашайт. Ит сымалдар көбүнчө күүгүмдө жана түнкүсүн активдүү. Жылына 1 жолу 3–4, кээде 13–16 алсыз күчүк тууйт. Азыгын аңдып жүрүп кармап жейт, жыт сезүүсү жакшы өөрчүгөн. Ит сымалдардын көбү териси баалуу айбанаттар. Баалуу тери алуу үчүн түлкүнүн айрым түрү капаста багылат. Алар айыл чарбага зыян келтирүүчү кемирүүчүлөрдү кырат; куштарга, пайдалуу сүт эмүүчүлөргө, малга кол салып, зыян келтирет. Ит сымалдар кутурманын козгогучун алып жүрүп, аны таратышы ыктымал. ТКЭСтин кызыл китебине 8 түрү, 2 түрчөсү катталган.

Колдонулган адабияттар

Tags:

Латын тилиСүт эмүүчүлөр

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жердин айлануусуМухаммед пайгамбарУсубалиев Турдакун УсубалиевичКошожашЭмгек рыногуБайыркы славяндарКыргыз ашканасыСанат-насыят ырларыМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыСолтоноев Белек Солтонкелди уулуКыргыз тилинин грамматикасыКаада- салттар,ырым-жырымдарАт атоочКыргызстандын дары сууларыКан айланууЖөндөмө категориясыМанас эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантыСөз байланышыИманалиев Элмирбек КалиловичТактоочБаткен облусуПедагогикаБөйрөк ишинин начарлашыАк батаТамеки чегүүАргындаштырууШабдан баатырАлаш (партия)Сезүү мүчөлөрүМорфологияБанкКанаат ханДаникеев, ӨскөнЖалал-АбадСөз айкашыПопуляцияСаадаев ЖайнакОкутуу технологиясыЭмгекКыргызстандагы таш дооруОмор СултановКыргыз элчиликтериСалтанат (көркөм тасма)Кыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик РеспубликасыРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)Кыргызстандын мамлекеттик тилиДүйшөнкул ШопоковМеталлДиссертацияХайду мамлекетиСеметейдин Чынкожо, Толтойду Жеңип, Айчүрөккө үйлөнүшүБөйрөкБиринчи дүйнөлүк согушАтоочтукУкукГеографияБоз үйЖарым өткөргүч«Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү»Алгачкы СоветтерКыргызстандын экологиялык көйгөйүДидактикалык чыгармаларШүкүрбек БейшеналиевЖердин экологиялык маселелериТүрТурусбеков ЖусупТок булагыБашкаруу байланышыСинтетикалык каучукТөрөттөн кийинки мезгилАлаш ОрдоЖөтөлгө каршы дарыларКыргыз киносуКыргыз элинин калыптанышыЭсенкожоев КусейинКайра куруу🡆 More