Жаныбар Уусу Менен Уулануу

Жаныбар уусу менен уулануу.

Алар жашоо үчүн күрөштө уусун ар кандай жол менен колдонот.

Жыландын уусу

Жылан чаккан жер ачышып ооруйт, шишип чыгат, кызарат, ал шишик жайылып кетет. Өтө катуу ууланууда дене ысыйт, жүрөгү айланат жана кусат. Айрыкча балдар тырышат, жөөлүйт, жүрөк иши начарлайт. Чекир жылан, эфа чакканда бүт организм ууланат. Мында булчуң иши начарлап, тамакты жутуу жана сүйлөө кыйындайт.

Чаралар

Жылан чаккан жерди сыгып канын чыгарып, анан ууну соруп түкүрүп салуу керек. Ал жерди кесип жиберүү, буугуч менен байлоо жарабайт. Жабыркаган бут же колду кыймылдатпай иммобилизациялоонун мааниси чоң. Жакынкы оорукана же поликлиникага тез жеткирүү зарыл. Кара курт же бөйү чакканда да ушундай жардам көрсөтүлөт. Булар чаккан жер өтө катуу ооруйт, ошондуктан шок болуп калбас үчүн ооруну басаңдатуучу дары (анальгин, ацетилсалицил кислотасы), эгер ал болбосо 30% этил спиртин (арак 50—100 мл) ичүү керек.

Уулуу балык

Уулуу балыктын (жылтыр, ит мурун, осетр сымалдар) икрасын жеп ууланганда кусат, ич өтүп, ооруйт. Бул учурда карынды жууп, ич алдырма (30 г күкүрт кычкыл магнезия) каражат жана бесалол (1 — 2 таблетка) берилет.

Аары уусу

Аары көп чаккан учурда (айрыкча аны өтө сезгич кишилерде) өмүргө коркунуч туулат. Анда аары чаккан жер шишип, эт аябай ысыйт, баш катуу ооруйт, тырышуу, акыл-эсин жоготуу да мүмкүн. Биринчи жардам иретинде башына муздак басып, коюу демделген таттуу чай, 1 г аспирин берип, врач чакыруу зарыл. Аары чаккан жердеги ийнесин сөзсүз алып таштоо керек.

Колдонулган адабият

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

Жаныбар Уусу Менен Уулануу Жыландын уусуЖаныбар Уусу Менен Уулануу ЧараларЖаныбар Уусу Менен Уулануу Уулуу балыкЖаныбар Уусу Менен Уулануу Аары уусуЖаныбар Уусу Менен Уулануу Колдонулган адабиятЖаныбар Уусу Менен УуланууЖаныбарларКурт-кумурскаларУулуу жаныбарлар

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

БиогельминттерСПИДКөкө уулу ЖеңижокТамгаМорфологияНарын облусуКурманбек эпосуКыргыз тилиПопуляцияОкутуу ыкмаларыАң-сезимИчтин катуу кармоочу оорусуОрусияБоз үйдүн негизги жабдууларыКош бойлуулукБанкроттукКан айланууАвстралияАбу Наср ал-ФарабиКурманжан ДаткаМайларКасым ТыныстановКыргыз аттарыНатуралдык санТүндүк АмерикаПсихологияАк канКыздыкТалас өрөөнүЗат алмашууКаада-салт ырларыСеметейПлевритТемиркул ҮмөталиевБилим берүүнүн мазмунуОш облусуОрозбак уулу СагымбайДиалектилик лексиканын пайда болуу жолдору жана булактарыМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?СарыкВолейболСүмөлөкСөз айкашыХайду мамлекетиГлобалдык экологиялык проблемаларМыйзам чыгаруу бийлигиКыргызстандын КонституциясыМендель мыйзамдарыБагынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөмБытиеРевматизмАдыгине (уруулук топ)ФольклорЭң чоң жалпы бөлүүчүӨпкөнүн сезгенишиБорбордук нерв системасыБийликИсхак РаззаковКөк жөтөлКан тобуЮридикалык жакты жоюуМектепДабан мамлекетиАйлана чөйрөнү коргооӨнөр жайЖасалма интеллект деген эмне?УламышБугу (уруу)КусууЭссеБанкАнжиян көтөрүлүшүФонетикаХромосомаларКыргызстандын чек араларыБагынычсыз (тең байланыштагы) татаал сүйлөмФольклордун түрлөрү жана жанрлары🡆 More