Уруулук Топ Адыгине

Адигине (Адыгине) - кыргыздын оң канатына кирген уруулук топтун аталышы.

Этнонимдин баштапкы мааниси «адыг(к) + эне» маанисин туюнтат. Байыркы кыргыз (түрк) тилинде «адыг (к)», «азык» сөздөрү «аюу» деген тотемисттик маанини түшүндүргөн. Тувалардын тилинде аюу - «адыг», хакас тилинин диалектилеринде «азыг», «адыг» деп айтылат. Демек, оболу этноним «аюу эңе» маанисин туюнткан. Этнограф С.М.Абрамзон уруулук топтун аталышын «адыг» + «ини» - «аюунун иниси» - деген мааниде чечмелеген. Сибирдин түрк, тунгус-манжур тилдүү ж.б. элдеринде аюуга тотемдик жаныбар катары сыйынуу, ага арналган жамааттык (коллективдүү) диний ритуал каада-салтын өткөрүү эзелтеден сакталып келет. Бул уруулук топтогу этнонимдер (бөрү, жору, кара багыш, сарттар) да кыргыздардын шаман динине чейинки тотемдик көз караштарын, диний ишенимдерин чагылдырат. Кыргыздардын тотемисттик көз караштары Энесай жазуу эстелик- теринде, араб графикалуу булактарда, кытай жыл баяндарында эскерилет. Уруулук топтун өкүлдөрү Алай, Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Араван, Өзгөн, Чүйдө, Нарын, Ысык-Көл аймактарында, Өзбекстандын Андижан облусунун:Ходжо-Абад, Булак Башы,Жалал-Кудук, Ханабад, Коргон-Төбө ж.б. райондорунда, КЭРдин Шинжаң аймактарын эзелтеден байырлап келишери маалым.

Уруулары

Адыгинеге кирген уруулар:

Колдонулган адабияттар

Tags:

Абрамзон, Саул МенделеевичАлай районуАраван районуБайыркы кыргыздарБөрү (уруу)Жору, урууКара-Кулжа районуКара-Суу районуКарабагыш (уруу)Кытай Эл РеспубликасыНарын облусуНоокат районуОрхон-Энесай таш жазууларыОң канатСарттарТувалыктарТунгус-манжур тилдериХакас тилиХанабатЧүйШинжаң-Уйгур автоном районуЫсык-Көл облусуӨзбекстанӨзгөн

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

КүзОмонимдерХимиялык булаларМанас эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантыПакистанӨз алдынча разрядАта-БейитЭмоцияКитепЭмгек ырларыКыргыз адабиятынын тарыхыДем алуу системасыАбсамат МасалиевЧабалекейлерПрозаКыргыз оюм чийимдериФранцияКант диабетиКыргыз улуттук оюндарыАйЖарыкАк канЖасалма интеллект деген эмне?ТарыхДидактикаСөз айкашыЖумушсуздукЖасалма интеллектЭкологияГлобалдык экологиялык проблемаларЖамгырЭлектр кыймылдаткыч күчүКыргызстандагы жаан-чачындарКөк жөтөлМенеджментДемократияЛандшафтПсихологияМагнит талаасыСак уруусуЭлектр тогуКыргызстандын КонституциясыЧүй облусуТүшүндүрмө мүчөАйтиев Гапар АйтиевичКоррозияГеометриялык түзүүСабат ачууГеографияКесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөрАк батаЖыйырма сегиз панфиловчуларКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиХимияАдеп тарбиясыКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыАлымбек даткаКокон хандыгыОрозов КарамолдоМонгол империясыЮнусалиев Болот МураталиевичКөзМодал сөздөрКлеткаИнтеграцияБалыкУсубалиев Турдакун УсубалиевичКан группаларыЗат атоочКыргызстандын тышкы саясатыКыргыз элинин калыптанышыКамсыздандырууАмерикаЖусуп МамайФантастикаСатурн🡆 More