Адеп тарбиясы – адамдын коомдогу моралдык аң-сезимин жашоодогу максатка жараша калыптандыруу, ызааттуу жүрүм-турум көнүмүштөрүн пайда кылуу, ошондой эле өз элинин үрп-адаттарынын прогрессивдүү үлгүлөрүн сактоого, байытууга, башка улуттардын салтын урматтоого тарбиялоо.
Адамдын эрки менен рухий байлыгынын шайкеш келиши адептүүлүккө жатат. Адеп тарбиясы эмгекке жана коомдук мүлккө туура мамиле жасоо, достукка, чынчылдыкка, адептүүлүккө жана ар ким өзүнүн жүрүм-турумуна сын көз менен кароого жана башка кемчиликтерин адилет сындоого үйрөтөт. Ал коомдук аң-сезимдин эң маанилүү формасы болуп саналат. Адам өмүр бою тарбияланып такшалат, ошентсе да, тарбиянын башаты, жүрүш-туруштун тигил же бул эрежелерине калыптануусу негизинен балалык, өспүрүм кезинен башталат. Мезгил өткөн сайын бул адат өркүндөп-өрчүй берет. Ар бир коомдун өзүнүн социалдык түзүлүшүнө жараша адептүүлүк эрежелери болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Адеп тарбиясы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.