Түшүндүрмө Мүчө

Түшүндүрмө мүчө - сүйлөмдүн баш же айкындооч мүчөлөрүнөн кийин келип, анын маанисин аныктап, ар түрдүү кырдаалдагы абалын толуктап, тактап, түшүндүрүп туруучу мүчөлөр.

Түшүндүрмө мүчө түзүлүш өзгөчөлүктөрүнө карай: жандамалуу (аныкталгычтан кийин жанаша айтылып, анын кесибин, туугандык байланышын, жаш өзгөчөлүгүн, сапатын ж. б. белгилерин көрсөтүп турат. Жандамалуу Түшүндүрмө мүчөдө аныкталуучу сөз, көбүнчө адам аттарынан болот да, аны аныктай турган Түшүндүрмө мүчө: ак сакал, карыя, ата, апа, жылкычы, байбиче, жеңе, эже, өтүкчү ж. б. у. с. сөздөрдөн турат), түгөйлүү (аныкталуучу затка экинчи бир зат атооч кош айтылып, анын кесибин жана ар кандай белгисин билдирип турат.

Мис., инженер-механик, инженер-технолог ж. б.) жана обочолонгон Түшүндүрмө мүчө (сүйлөмдүн баш же айкындооч мүчөлөрүнөн кийин келип, алардын маанисин аныктап, тактап жана толуктап турат. Сүйлөмдө ээнин да, баяндоочтун да, аныктоочтун жана бышыктоочтун да обочолонгон Түшүндүрмө мүчөлөрү болот. Мис., Биз, студенттер көп окуп, көптү билишибиз керек.) болуп үчкө бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Tags:

Айкындооч

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Борбордук АмерикаАтоочтук сөз айкаштарыМактумгулуСоветбек БайгазиевАминдерНорвегияДиалектКыргызстандын туусуАйыл чарбаГрузияТогуз коргоолБугу (уруу)Куркуре дарыясы (Чулышман куймасы)Узакбай АбдукаимовЖыл мезгилдериШаркыратмаКыргызстандын райондоруБиогеоценозОш облусуНьютон биномуБюджетБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыИсландияКуш22-апрельКыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаТүркияБулутЖер көчкүБиологияДүйнөнүн жети кереметиМуктар АуэзовПлутонТөрт бурчтукАфрикаКуйручук (Кудайберген Өмүрзак уулу)ЭпосАпрель революциясыЭр ТабылдыHTMLНерв тутумуДен соолукЕвропаДилбаянБалбай баатыр Эшкожо уулуАзотНарын мамлекеттик коругуАбанын булганышыВитаминдерОрто АзияНаристе балдарКол өнөрчүлүкУсун мамлекетиЖөндөмө категориясыТабигый ресурстар, жaратылышБоз үйСоветтер Союзунун баатырларыСтамов АсанбекСтильЖоон үндүүлөрБиоценозЭсенкожоев КусейинЭки миң сомИсламТушоо кесүүКыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетиОктябрь революциясыЭкстремизмАндронов маданиятыБуудайБазарАт — адамдын канатыКаада-салтАбдыкерим СыдыковЧакчылИбраев, ЭсенгулИнсанТүшүндүрмө мүчө🡆 More