Мендель Мыйзамдары

Мендель мыйзамдары ― тукум куума белгилердин укумдан-тукумга берилиши жөнүндө эрежелер.

Бул мыйзамдарды Г. Мендель 1866-жылы сунуш кылган. Бул мыйзамдар илимде бааланган. Мендель өзүнүн тажрыйбаларында буурчактын бир гана таза белгиси бар түрдүү сортторун бири-бири менен аргындаштырып, аргын муунда аталык жана энелик белгилердин кандай катышта кездешкенинн эсептеген. Муун негизинде өзүн үч мыйзамын далилдеген.

Мендель Мыйзамдары

Менделдин биринчи мыйзамы же гаметалардын сандык мыйзамы же бир муундун гибриддеринин окшоштугу - бир белгиси боюнча айырмаланган туруктуу формаларды аргындаштыруудан алынган бир муундун тукуму, бул белги боюнча бирдей фенотипке ээ. Мында бардык гибриддер Менделдин тажрыйбаларында көрсөтүлгөндөй ата-эненин бирөөсүнүн фенотибине (толук басымдуулук) же кийин байкалган аралык фенотипке (толук эмес басымдуулук) ээ. Мындан ары биринчи муундун гибриддеринде ата-эненин экөөнүн тең белгилери байкалышы (кодоминанттуулук) мүмкүн экендиги далилденди. Бул мыйзам ар кандай аллелдери боюнча эки гомозиготалуу организмдерди (АА жана аа) аргындаштырууда, алардын бардык тукумдары генотип боюнча (гетерозиготалуу - Аа), демек фенотип боюнча да бирдей экендиги негизделген.

Экинчи муундун гибриддерин бөлүштүрүү мыйзамы. Менделдин экинчи мыйзамы ― бир муундун гибриддерин өз ара аргындаштырууда экинчи муундун гибриддеринин арасында белгилүү катышта биринчи муундун гибриддеринин жана алгачкы ата-эненин фенотиптерине ээ особдор келип чыгат. Мисалы, толук басымдуулук кылган особдордун 75 % доминанттык, ал эми 25 % рецессивдик белгилерге ээ, башкача атйканда 3:1 катыштагы эки фенотипке ээ. Толук эмес басымдуулук кылууда жана кодоминанттулукта экинчи муундун гибриддеринин 50 % биринчи муундун фенотибине жана 25 % алгачкы ата-эненин фенотиптерине ээ, башкача атйканда 1:2:1 катышта бөлүштүрүлөт. Бир муундун гибриддеринде эки типтеги гаметалардын пайда болушунун, натыйжасында экинчи муундун гибриддеринин арасында 1АА:2Аа:1аа катыштагы үч мүмкүн болгон генотипке ээ особдорду чагылдыруучу гомол. (А жана а) хромосома жуптарынын мыйзам ченемдүү аракеттери Менделдин экинчи мыйзамынын негизин түзөт. Аллелдердин белгилүү типтеринин өз ара аракеттенишүүсү Менделдин экинчи мыйзамына ылайык фенотипте ажырайт.

Мендель Мыйзамдары

Дигибриддик аргындаштырууда көз карандысыз тукум кубалоо. Менделдин үчүнчү мыйзамы.

а) гаметалардын тазалыгы гипотезасы алтернативалык белгилердин ар бир жубу бир катар муунда бири-бирине көзкарандысыз сакталат. Натыйжада экинчи муундагы организмдердин арасында белгилүү катнаштагы жаңы белгилердин (ата-энесиникине салыштырмалуу) комбинациясына ээ особдор пайда болот. Мисалы, эки белгиси боюнча айырмаланган алгачкы формаларды аргындаштырууда экинчи муунда (толук үстөмдүк кылуу учурунда) 9:3:3:1 катнаштагы төрт фенотиптүү особдор келип чыгат. Мында эки фенотип "ата-энелик", ал эми калган экөө жаңы белгилердин шайкештигине ээ. Бул мыйзам бир нече жуп гомол. хромосомалардын көз карандысыз ажырашына негизделген. Мисалы, дигибриддик аргындаштырууда бул биринчи муундун гибриддеринде гаметалардын төрт тибинин (АВ, Ав, аВ, ав) пайда болушуна жана зиготалар пайда болгондон кийин - генотип боюнча, жана ага тиешелүү фенотип боюнча мыйзам ченемдүү ажырашына алып келет. Көбүнчө адабиятта гаметалардын тазалык мыйзамы М. мыйзамынын бири катары берилген. Бирок бул мыйзам негиздүүлүгүнө карабастан, белгилердин тукум куугучтугун чагылдырбайт жана Мендель эмес У. Бейтсон тарабынан (1902-ж.) аныктамалган. М-дин мыйзамын түшүнүктүү чагылдыруу үчүн төмөндөгүлөр: алгачкы формалардын гомозиготалуулугу; гибридде мейоздун туура өтүшү менен камсыздалуучу, бирдей катнаштагы гаметалардын мүмкүн болгон бардык типтеринин пайда болушу; бул гаметалардын типтеринин тиричиликке окшош жөндөмдүүлүгү; уруктанууда гаметалардын каалаган тибинин бирдей кездешүүсүнүн ыктымалдуулугу; бардык типтеги зиготалардын тиричиликке окшош жөндөмдүүлүгү зарыл. Бул шарттардын бузулушу экинчи муунда гаметалардын ажырабай калышына же биринчи муунда туура эмес катнашына алып келет. Тукум куугучтуктун үзгүлтүктүү, корпускулярдуулугун түшүндүрүүчү М-дин мыйзамы жыныстык жол менен көбөйүүчү бардык диплоиддик организмдер үчүн ар тараптуу мүнөзгө ээ. Полиплоиддерге негизинен тукум куугучтуктун ушул эле законченемдүүлүгү мүнөздүү, бирок диплоиддерге караганда гено- жана фенотиптик класстарынын сандык катнашы боюнча айырмаланат. Гендердин чиркелишүүсүндө бул класстардын катнашы диплоиддерде да өзгөрөт (Менделдин үчүнчү мыйзамын "бузуу"). Жалпысынан алганда, М. з. толук пенетранттуу жана туруктуу экспрессивдүү аутосомдук гендер үчүн ыңгайлуу. Жыныс хромосомаларындагы же органоиддердин (пластидалар, митохондриялар) ДНКларындагы гендердин локазацияланышында эки тараптуу аргындашуулардын натыйжасы М. мыйзамынан айырмаланышы жана аларга туура келбеши мүмкүн, бул аутосомаларда жайгашкан гендерде байкалбайт. М. мыйзамы абдан так жана маанилүү, алардын негизинде генетиканын биринчи табынын өнүгүшү жүргөн. Алар клеткаларда (гаметаларда) белгилердин өнүгүшүн жөнгө салуучу тукум куума шарттардын бар экендиги жөнүндөгү божомолдоолордун негизин түзгөн. М. з-нда ар түрдүү абалда болсо да бул шарттар (гендер) салыштырмалуу туруктуу гаметаларда бир бирден жана дене клеткаларында жупташып сакталат, бири бирине карата үзгүлтүктүү жана көз карандысыз. Мунун баары өз учурунда "бирикме" тукум куугучтук теориясына каршы олуттуу аргумент катарында колдонулган жана тажрыйбаларда далилденген.

Булактар

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4

Tags:

Грегор МендельТукум куугучтук

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Интернетте издөөКен байлыктарТүркстан тоо кыркасыЭлечекЭтиштин чактарыҮсөнгазы АсаналиевМамбетимин уулу КазыбекБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасындагы көркөм образдарКургак учукКайра курууКыз СайкалКыргызстандын шаарларыСак уруусуЖеңиш КүнүСатираМар БайжиевАстероидӨпкөнүн сезгенишиНоокат районуЧүкө оюндарыОрозов КарамолдоКиринди сүйлөмТабигый кырсыктарМанасКараханийлер мамлекетиКанадаСатурнКонституцияКалктын иш менен камсыз болуусуПродуценттерЖолон МамытовКокон көтөрүлүштөрүКыргызстандын Орусияга каратылышыМөңгүЗат алмашууҮндөштүкИсхак РаззаковТранспортОрмон ханОшКыргыз философиясыИч өткөкЭлектрондук почтаКара-Суу районуЧубак ажы ЖалиловАмин кычкылдыктары (аминокислота)КарышкырларБишкекБорбордук АмерикаАйлана-чөйрөКөкөтөйдүн ашыСинонимҮч-Коргон ГЭСиЧакчылБизнесКыргыз элдик оозеки чыгармаларМанас эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантыСеметейЖалил СадыковРуханий маданиятЖаратылышты коргооЗалкар комузчуларШилекей бездериДене тарбияКыргыз сомуШарттуу белгилер«Букара» биримдигиҮркүнПолот ханБек БорбиевУлуу Ата-Мекендик согушКудайлар тууралуу мифтерЖарандык коргонууКөк бөрүБеларусьЭкологиялык факторлор🡆 More