Кыз Сайкал

Кыз Сайкал, Сайкал - Манас эпосундагы көөнө образдардын бири.

С.Каралаевдин айтуусунда нойгуттун каны Карачанын,С. Орозбаковдо калмак Карачанын (Каткалаң) кызы. Манас баатыр Сайкал менен жекеме-жеке сайышка түшүп,жеңилип кала жаздаганы жөнүндөгү эпизод негизинен бардык варианттарда кездешет.Кээ бир варианттарда Сайкал Манаска акыреттик жар болууга ант берет.С.Каралаевда Манас өлүм алдында жатканда убадасы боюнча келип,тулга отурганы,үйүнө баргандан кийин дүйнөдөн өтүп кыяматтык жары Манаска кошулганы айтылат.
Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас Текес канды жеңгенде Тейиш кан көтөрүлүп той берет. Тойдо эр сайышка Сайкал чыгат. Баатыр кызга эч ким даап чыга албай койгон соң Манас өзү чыгып, алдырып коё жаздайт.
Акыры жеңет (Кол жазмалар фондусу, 575 -инв., 154 —171-б.). Багыш Сазан уулунун айтуусунда Манас менен Чубак нойгут кызы Сайкалдын жылкысын тийип алып кетип бара жатканда артынан кууп жетип уруш салат. Манас Чубактын жардамы менен араң жеңишке ээ болот. Сайкал, акыреттик жар болууга ант берет (Кол жазмалар фондусу, 1080-инв., 280-281-б.). Молдобасан Мусулманкул уулунун вариантында да Сайкал Манастын акыреттик жары болуп калат (КФ. 72-инв., 892-б.). Саякбай Карала уулунда Манас өлүм алдында жатканда убадасы боюнча келип тулга отурганы, үйүнө баргандан кийин дүйнөдөн өтүп кыяматтык жары Манаска кошулуп кеткени айтылат (Саякбай Каралаев, 2. 241—254).
Манас менен Сайкал күч сынашкан соң акыреттик жар болушу көөнө баатырдык эпосторго таандык байыркы мотивдин кыргыз эпосундагы чагылышы болуп саналат (Көөнө эпос, Баатырдык үйлөнүү).
Кыз Сайкал менен Манастын окуясы өз алдынча эпос катары да айтылат.

Кыз Сайкал
Кыз Сайкал
«Кыз сайкал» кыргыз почтасында (1995)
Негизги маалыматтары
Каармандын мүнөздөмөсү
Жынысы

Аял

Үй-бүлөсү
Атасы

Карача (Каткалаң)

Адабиятта жана Маданиятта
Эпостордо

Манас эпосу, Кыз Сайкал эпосу

Байланышкан окуялар

Тейиш кандын тою, Манастын кыз Сайкал менен беттешкени

Байланышкан каармандар

Манас

Кыз Сайкалдын балбаны

Ак Сайдагы Какшаал тоосунун тескейиндеги Текелик капчыгайынын оозундагы тегиз жерде казылган ор (ороо). Ордун тереңдиги 8—9 м, эни 20—30 м. Элдик уламыш боюнча Кыз Сайкал бул орго жашынып алып, келүүчү жоону күзөтүп, күтчү имиш.


Колдонулган адабияттар

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

УбакытЧакчылЭкологиялык факторлорАнглияАк кеме (тасма)Ажар (повесть)Мамлекеттик бюджетХундарТамеки чегүүУлуу жибек жолуЖакыпАбдырахман Кучак уулуКыргыз улуттук оюндарыИнтеграцияБаткен районуБагыныңкы сүйлөмДүйнөлүк океан“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясыБагынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөмОкутуунун жаңы технологияларын пайдаланууТабият кырсыктарыБака жалбыракХимиялык булаларКамчыбек Шераалы уулуТамактанууКыргыз элинин калыптанышыСаспаев АманЖүрөкКыргыз тарыхы боюнча көөнө жазма булактарТаш дооруАйлана-чөйрөнү коргооИррационалдык санКомпьютердик тармакБоз үйСарыбагышБалыкИсламУзакбай АбдукаимовИнтернетДиалектАк кууларТранспортКонституцияАйлана чөйрөнү коргооЮпитерОкутуу методуЭр ТабылдыУюлдук телефонКыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышыМенингитКыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетиОндук эсептөө тутумуМээСинтаксисМорфологияСанжыраНарынКыргыз Советтик Социалисттик РеспубликасыСиреньКыргызстан тоолоруМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыКазат АкматовБишкекТабигый ресурстарЧолпонЭнесай кыргыздарыКыргыз элинин көркөм өнөрчүлүгүБайламталарМукай ЭлебаевҮндүү тыбыштарКосмосКыргыз элчиликтериТажикстанКош сөздөрКыргызстандын гимниФразеологизмЖасалма интеллект🡆 More