Фенотип (гр.
Ф. деген термин 1903-ж. В. Иоганнсен тарабынан киргизилген. Ф-те генетикалык бардык мүмкүнчүлүктөр ишке ашпайт жана ал белгилүү шарттарда генотиптин ишке ашырылышынын айрым учуру гана болуп саналат. Ошондуктан, эгерде ар түрдүү шарттарда өнүгүшсө, толугу менен бирдей генотиптерге ээ, бир жумурткалуу эгиздерден да билинип турган Ф-тик айырмачылыктарды табууга болот. Генотиптин жана Ф-тин ортосунда бир маанилүү дал келүү болбойт: генотиптин өзгөрүшү дайыма эле Ф-тин өзгөрүшү менен коштолбойт, ал эми Ф-тин өзгөрүшү сөзсүз эле генотиптин өзгөрүшү менен байланыштуу эмес. Микроэволюция процессинде тандоо особдордун Ф-и боюнча жүрөт. Ошентип, популяцияларда генотип аркылуу чектелүүчү реакциялардын кеңири формасына ээ, же генотип аркылуу жетишээрлик так аныкталуучу керектүү Ф-теги особдор сакталып калат. Популяциядагы ар түрдүү генотиптеги особдордо Ф. боюнча тандоо, ырааттуу түрдө генотип боюнча да тандоого алып келет. Генотиптик өзгөргүчтүк жүрбөсө, Ф. боюнча тандоо эч кандай натыйжа бербейт, бул В. Иогансен тарабынан таза линиялардагы тандоо боюнча жүргүзүлгөн тажрыйбаларда көргөзүлгөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Фенотип, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.