Декларация (жарнак) (фр.
declaration – билдирүү) – 1) конституциялык укуктагы тиешелүү мамлекеттин тагдыры үчүн өзгөчө зарыл маани берүү менен, салтанаттуу мүнөз күтүү максатын көздөгөн саясий-юридикалык актынын аталышы (м.: КР мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү Д-сы). Кошумча мыйзамдык жөнгө салууну талап кыла тургандай, укук-ченемдик акты катары жалпылык менен так эмес мүнөз күткөндүгү – Д-н өзгөчөлүү белгиси болуп саналат; 2) эларалык укуктагы тараптардын жалпы көзкараш менен максаты бирдей чыккандыгын туюндура турган салтанаттуу акты. Ал милдеттүү түрдө аткарыла турган күчкө ээ эмес. Буга мамлекеттер тарабынан милдеттүү түрдө аткарыла тургандай күчкө ээ болгон 1948-жылы кабыл алынган Адам укугунун жалпы декларациясы гана кирбейт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Декларация (жарнак), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.