Кырк Чоро

Кырк чоро — Манастын баатырдык кошуну, нөкөрлөрү, эң жакын кеңешчилери, жан жолдоштору, кол башчылар, ар башка уруулардын тандалган мыктылары, кылданган баатырларынан куралган көйкашкалардын тобу.

Ар башка варианттарда ар башка санда, айрым учурларда алардын аталыштары да ажырымдуу болгону менен негизинен элге кенен тараган саны кырк. Көпчүлүк учурда алардын баары тегиз саналбай негизгилери гана аталат да окуянын жүрүшүнө ылайык алар көпчүлүк учурда эпикалык каармандардын негизин түзөт. Кырк чоро айрыкча Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Манас чоролору менен Каныкейге күйөөлөп барганда эки-үч жолу кайталанып толук саналат.

Кырк чорого төмөнкү каармандар кирет:

  1. Бакай,
  2. Кыргылчал,
  3. Чалыбай,
  4. Ажыбай,
  5. Кутунай,
  6. Каратоко,
  7. Мажик,
  8. Камбар уулу Чалик,
  9. Сатай,
  10. Атай,
  11. Үмөт,
  12. Жайсаң,
  13. Каракожо,
  14. Бообек,
  15. Шаабек,
  16. Шүкүр,
  17. Алтай (албандардан),
  18. Төртай,
  19. Төлгөчү кара Төлөк,
  20. Токөтай,
  21. Калкаман,
  22. Элеман,
  23. Серек,
  24. Сыргак,
  25. Кошабыш,
  26. Эр Ыбыш,
  27. Алакен,
  28. Арстан,
  29. Чубак,
  30. Жоорунчу,
  31. Кайгыл,
  32. Бөгөл,
  33. Тоорулчу,
  34. Кербен,
  35. Дөрбөн,
  36. Бөгөл,
  37. Каратүлөө Кабыке,
  38. Жабыке,
  39. Бооке (Алоокенин уулу),
  40. Ырчуул,
  41. Бозуул,
  42. Тазбаймат,
  43. Шууту.

Булардын ичинен жарымынан көбү туруктуу, дайыма аталган активдүү каармандар, ал эми акыркы он чактысы жалпы санга кирип аттары сейрек аталат да, айрымдары кээде башкача да атала берет.

Tags:

Манас баатырСагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

КуранКызылча (оору)Молдо КылычБайыркы Египет маданиятыКыргызстандын Россияга каратылышыАмерикаТамактанууФизикалык-географиялык райондоштурууПунктуацияОсмон империясы«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруӨзгөн районуӨтмө мааниКелмеАлай өрөөнүКыргызстандагы жаан-чачындарЖарык дисперсиясыБүркүтОрто АзияЦиститКелишимФонетикаМахабат дастаныАң-сезимКан агууАйкындоочЖигитов, СалижанКыргыз балдар адабиятыИч катууКыргызстандагы жапыз тоолор жана адырлардын рельефиСахабаларНамазБиринчи жардамБаш мүчөУнитардык мамлекетТолубай сынчыМиң сомЖөндөмө категориясыТабышмакЖарандык коргонууКарым-катнашМорфологияСууНептунДаван мамлекетиАт атоочПопуляцияАй фазаларыТемпераментКыргызстандын геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктарыКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Аалы ТокомбаевКыргызстанКеплер мыйзамдарыИсламдагы беш парзТаанып-билүү теориясыБоз үйдүн негизги жабдууларыКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыСүйлөө“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясыФедерацияАялдардын эл аралык майрамыСюжеттин элементтериСуу сактагычХХ кылымдын гомериЫсык-Көл ойдуңуТабигый ресурстар, жaратылышЭкологияАлымбек даткаБлок-схемаБаланын психикасынын өөрчүшүКылмышОшСатурнЭмгек укугуМенеджментАз кандуулукЛазер🡆 More