Көкө Уулу Жеңижок: Кыргыз ырчысы, төкмө акын

Көкө уулу Жеңижок (туулганда берилген ысымы — Өтө) же Жеңижок (1860—1918) — кыргыздын залкар төкмө акыны.

Көкө уулу Өтө
[[Файл:Көкө Уулу Жеңижок: Өмүр баяны, Жеңижок атыгышы, Чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү|280px|Көкө уулу Өтө]]
 
Туулган жери: Манас ооданы, Талас дубаны
Каза болгон жылы: 1918 жыл(1918)
Каза болгон жери: Аксы району
Жубайы: Көксулуу
Балдары: 1 уул (ысымы белгисиз)
Кесиби: акын

Өмүр баяны

Ырчы, төкмө акын Өтө Көкө уулу 1860-жылы Талас өрөөнүндө Кара-Буура районундагы Жийде айлында туулган. Анын айылын азыркы Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Манас районундагы Сары-Көбөн айылы катары да көрсөтүшөт.

Ал кыргыздын кытай уруусунун чоодан уругунан болгон.

Жашынан томолой жетим калып, Аксы, Анжиян тараптагы таякелеринде, кийин Кара-Суу кыштагындагы жакын таякеси Айныкеникинде жүргөн.

Өтө Көкө уулу жаштайынан тоголок жетим калып турмуштун тозогун көп тарткан. Анысы аз келгенсип, ала оорусуна чалдыгып калат. Ошондо айылды бийлеп турган бир бай жугуштуу оорудан коркуп, баланы өлтүрүп салууну буюрат. Бирок жаш балага кол көтөрө албаган байдын жигиттери аны соодагерлерге кошуп, качырып жиберишет.

Ал Аксы жергесинин Кара-Суу кыштагына энеси Алтынайдын туугандары тарапка жер которуп келген. Өтө өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде жашап өтөт.

Ырчы атыгып калганда Фергана, Кетмен-Төбө, Талас өрөөндөрүн кыдырган.

Жеңижок атыгышы

Жаш акын Өтө Көкө уулу өз достору менен Кербендин базарына кирип калып, ал жерде топтошкон элдин ортосунда ошол кездеги атактуу ырчы Нурмолдо тиги дүйнөдөгү бейиштин жыргалчылыгын ырдап, тозокко түшкөндөрдү эмне күтүп турганын саймедиреп жаткан болот.

Ал сөзүнүн аягына чыкканда жеңи чолок кемселчен жаш ырчы комузун колуна алып, өзүнөн улуу акынга салам айтып шаанисин кылып, андан соң ушул дүйнөнүн жыргалын, биздин жердин бейиштен сулуулугун ырдап, малдуу-жандуулар, ырчылык менен молдочулукту ажырата билүүсүн айта кетет. Ошондо Нурмолдо тили так, сөздү орду менен таба билген акылы терең жигиттин сөзүнө жыгылган дешет.

Чогулган эл кемсел кийген жаш ырчынын аты-жөнүн билбегендиктен, "Бул жеңи жок таап айтты. Жеңи жок кыйын ырчы экен!" дешип, ошондон тартып баягы ырчы Жеңижок аталып, элге таанылган.

Жеңижок заманачыл акын жана ойчул Арстанбек Буйлаш уулунун да батасын алган.

Жеңижок 1918-жылы Жаңы-Жолдо (Аксыда) дүйнөдөн кайткан.

Чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү

Жеңижок тарбиялык мааниси терең, уккандын акылына уюй турган кептерди уйкалыштырып айткан чоң нускоочу акын, айтыштын жеңилбеген устаты, «Манас», «Семетей(жеткиликсиз шилтеме)», «Кожожаш»(жеткиликсиз шилтеме), «Эр Төштүк»(жеткиликсиз шилтеме) сыяктуу дастандарды күндөп-түндөп айткан жомокчу, жаза жана окуй билген билимдүү адам болгон.

Таанымал шакирти, акын Коргол Досуевдин:

Ак калпактуу кыргыздан,

Айтышаарга теңи жок…

Эки жаактуу пендеден

Эрегишээр теңи жок.

Элдин анык булбулу,

Элеп төккөн чени жок, - деген сөздөрү да Жеңижоктун чеберчилигине берген бийик баасын көрсөтөт.

Булактар

  • https://sputnik.kg/reference/20150922/1018546872/zhe-izhok-omur-bayany.html
  • http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/html/akyndar/jenijok/section37.html#title39(жеткиликсиз шилтеме)
  • Сырткы шилтемелер

    Залкарлар. Жеңижок(жеткиликсиз шилтеме)

    Tags:

    Көкө Уулу Жеңижок Өмүр баяныКөкө Уулу Жеңижок Жеңижок атыгышыКөкө Уулу Жеңижок Чыгармачылыгынын өзгөчөлүгүКөкө Уулу Жеңижок БулактарКөкө Уулу Жеңижок Сырткы шилтемелерКөкө Уулу Жеңижок

    🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

    Адеп тарбиясыАрхитектуралык эстеликтерСүйүнбай ЭралиевБийликКыргызстандын гербиАнтропогендик факторлорДем алууАла-Арча Улуттук ПаркКыргыздын улуттук кийимдериКаада-салт ырларыНуклеин кислоталарыЭс алууТөрөтМамбетимин уулу КазыбекКудайлар тууралуу мифтерТехнологияБеларусьКоммуникацияИбраев, ЭсенгулРоза, гүлДинамика (механикада)Караханийлер кагандыгыСаруу (уруу)БөйрөкКыргыз урууларыЩелочтуу жер металлдарыАнглияБанкИманалы АйдарбековБаткен облусуКарл ЛиннейАтом физикасыСибирь кыргыздарыКеректөөнүн улам өсүү мыйзамыАбанын булганышыШабдан баатырУкукКара-Суу районуНиязбек бий, Эсенгул уулуАтмосфера басымыТамак сиңирүү системасыГалогендерБраузерТаш-РабатКуркуре дарыясы (Чулышман куймасы)АзербайжанКыргызстандагы диний ишенимдериТиричиликтин пайда болушуТолубай сынчыРуханий маданиятМассалык маалымат каражаттарыБиосфераТагай бийАалы ТокомбаевЖарандык укукКыргызстандын Россияга каратылышыБугу жана сарыбагыш урууларынын чабышыМектепке чейинки куракАт — адамдын канатыМуун (лингвистика)Окутуунун жаңы технологияларын пайдаланууРельефтин жалпы мүнөздөрүЖаз, жай, күз, кыш... жана жазЭл аралык Кызыл Крест КомитетиАпрель революциясыСалык системасыДидактикаПланеталардын жандоочуларыОрмон ханӨмүр баянЭлектр-магнит толкундарыЛексикологияТранспортМамлекетКыргызстандын экологиялык көйгөйүОрдо оюну🡆 More