Байыркы Славяндар

Байыркы славяндар - инди-европа тилинде сүйлөгөн уруулардын тобу; борбор, түштүк жана чыгыш европалык азыркы славян элдеринин ата-бабалары.

Байыркы славяндар тарыхый даректерде, б. з.1-2-кылымда «европалык Сарматия», Карпат менен Балтика деңизинин аралыгында, Чыгыш Германияда жашаган венеддер деген ат менен белгилүү болгон. Алар тууралуу грек-рим жана византиялык тарыхчылар Тацит, Птолемей, Иордан жана башкалардын эмгектеринен кездешет. Көпчүлүк окумуштуулардын пикири боюнча Байыркы славяндар Висла дарыясынын чыгышынан орун алышкан. Биздин замандын 2-4-кылымында герман урууларынын (готтор, гепиддер) түштүккө оошунан Байыркы славяндардын аймактык бүтүндүгү бузулуп, батыш жана чыгыш тарапка обочолонот. 5-кылымда гунндардын бийлиги кулагандан кийин, Байыркы славяндар түштүккө оошуп, Византия империясынын Балкан провинцияларына басып кире башташкан. Ошол учурда алар ант жана склавин деген эки топко бөлүнөт. Балкан жана аларды басьш алуу менен бирге эле Борбор жана Чыгыш Европадагы мурдагы жерлери да алардын карамагында калган.1-миң жылдыктын 2-жарымында славяндар мурда чыгыш балтика жана финн-угор урууларына тиешелүү болгон Жогорку Днепрди жана анын батышын, ошондой эле Эльбанын төмөн жагын жана Балтика деңизинин түштук-батыш жээгин ээлеп алышкан жана Европадагы эң ири этностук топко айланган. Биздин замандын 1-миң жылдыгынын аяк ченииде байыркы славян мамлекеттеринин пайда болушу менен орто кылымдагы славян элдери (поляктар жана чехтер, кийинчерээк словактар, словендер, сербдер, болгарлар, чыгыш славяндарда байыркы орус эли) калыптана баштаган.

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4

Tags:

Балтика деңизиВислаГотторКарпат тоолоруПтолемейТацит Публий КорнелийХундар

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Киринди сөзТоталитардык (төбөлдүк)АвтомобильЭмгекТемпераментНептунКемтик сүйлөмЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыЧүйлүк Таластык кыргыздар 19-кылымСатираЖазКыргызстандын гербиТамактанууДабан мамлекетиАбдыкадыр ОрозбековТаш-РабатИсхак РаззаковБиринчи мугалимБийликКислоталар жана негиздерКалыгул Бай уулуЖоон үндүүлөрКыргыз аттарыРысбай АбдыкадыровБиотехнологияСуу ЧечекОчеркИнтернет тарыхыКубатбек ЖусубалиевЖаратылышЭне-Сай кыргыз кагандыгыКүрөшСарыкБиоценоздогу организмдер байланышыСиреньКыргызстандын экологиялык көйгөйүКыргызстандагы металлдарАйыл чарбаны коллективдештирүүУбакытАктЖети атаКыргыз урууларыРиторика.Риторика илими.Түштүк АмерикаАКШдагы жарандык согушСуу, суутек оксидиКыргызстандагы коло дооруДемократияКыргызстандын геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктарыКыргыз Республикасынын БаатырыФилософияЫсык-Көл мамлекеттик коругуПсихологияКыргыз киносуИчки Теңир-ТооТок күчүХайду мамлекетиАтакенин ак болотуСенек жылдарФразеологизмТүштүк ЕвропаӨзбекстанЭлдик медицинаШатман СадыбакасовБаткен облусуӨмүр баянМухаммед кыргызТатаал сөздөрНеологизмдерКислотаАйлана-чөйрөОрфографияТабигый кырсыктарКыргыз тилинин грамматикасыКыргызстандын Конституциясы🡆 More