Неологизмдер

Неологизмдер (нео...

жаны гр. logos – сөз) – коомдук турмуштагы ар кандай зарылчылыктан улам пайда болгон жаңы сөздөр. Алар жалпы тилдик жана автордук (жеке стилдик) деп бөлүнөт. Жалпы тилдик Н. жаңы чыккан затты же көрүнүштү атоо зарылчылыгына байланыштуу пайда болот (мисалы,мониторинг, инновация, cайт жана башка) да, тилде толук өздөштүрүлгөн соң неологизм болуудан калат. Автордук неологизм көбүнчө стилдик максатта чыгарылып, контексттен сырткары дээрлик колдонулбайт жанаанча кеңири тарала албайт. Неологизм тилде өнүмдүү моделдер боюнча же мурдатан бар үлгүгө салынып да жасалат: баттама – вклейка (бас+ма=басма, жаз+ма=жазма), тааным – познание (ал+ым=алым, бер+ым=берим); 2) көркөм адабиятта – Неологизмдер адабий тилди байытуучу, өркүндөтүүчү булактардан болуп эсептелет. Ошондуктан жазуучулар чыгармаларында неологизмдерди кеңири колдонушат. Неологизмдер сөздөр көркөм адабиятта каармандардын интеллектуалдык деңгээлин, кесибин, жекече мүнөзүн ачып берүү менен жазуучунун тил мадабиятын байытат. Неологизмдер жаңы түшүнүктөр, туюнтмалар аркылуу гана эмес, эски сөздөрдүн жаңы мааниге ээ болуусунун негизинде да курулушу мүмкүн. Мисалы,«борбор» деген сөз мурда кыргыз элинин улуттук оюну болгон ордонун дал ортосуна коюлган тыйын турган жерге карата айтылчу. Кийин бул сөз «борбор шаар» деп жаңы мааниге өттү. Ар мезгилдин өзүнүн неологизм сөздөрү бар. Азыр экономикага, компьютерге, техникага, саясатка байланыштуу көп жаңы сөздөр тилибизге улам-улам кирип жатат. Неологизм кыргыз тилинде жазылган илимий эмгектерде, монографияларда арбын учурайт. Жаңы илимий түшүнүктөрдү, туюнтмаларды, аныктамаларды берүүдө неологизмди колдонуу зарыл.

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ИндияЭлектр чыңалуусуКыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаВитамин CЖаан-чачынЭмгек рыногуМуктар АуэзовОсмонбеков, АрстаналыФутболНоокат районуКаныбекОкутуунун жаңы технологияларын пайдаланууИскусство таанууТабият кырсыктарыМен жана милицияЭссеҮркүнАйтматов, ТөрөкулКамсыздандырууКыргызстанКеп маданиятыКыргызстандын райондоруФранцияРадиоактивдүүлүкЗаара бөлүп чыгаруу системасыКычкылтекАмир ТемирТок булагыСемантикаМидин АлыбаевБатыш түрк кагандыгыБабурКыргыз элчиликтериХимиялык формулаларКушАянты боюнча көз карандысыз мамлекеттердин тизмесиТүштүк-Чыгыш Азия«Манасчылар»МутацияТехнологияКометаХимиялык элементБоорТүштүк-Батыш АзияИч катууКокон көтөрүлүштөрүАдамТирсекТамеки чегүүБарсбек каганКыргыз тилинин тарыхы«Замана» агымыЖоомарт БөкөнбаевКыргыз элдик оозеки чыгармаларИчки Теңир-Тоо1930Кыргыз урууларыБизнесКурманжан ДаткаТабиятМенингитЖаз, жай, күз, кыш... жана жазКомпьютердик тармакАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичГалогендерТопуракБилим берүүнүн мамлекеттик стандартыКызамыкКыргыз Ала-ТооАк кууларКыргыз Республикасынын президенттериНуклеин кислоталарыБагынычсыз (тең байланыштагы) татаал сүйлөмЖай мезгилиКонституцияПрокси серверАрхаизм🡆 More