Ак куулар (лат.
Өңү демейде ак. Узундугу 150 смге чейин, моюнунун узундугу денесинин узундугуна барабар же андан да ашат. Чумкушпайт, суу түбүндөгү жемине жете турган суусу тайыз жерлерди байырлайт. Ак куулардын 6 түрү, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн аймактарында 3 түрү (ышылдак, куркулдак куу жана кидик куу) кездешет. Ал кооз куш, анын кара түстөгү түрү - каракуу (C. atrata) да бар. Кара куунун мекени - Австралия, Тасмания ж.б. Экиден жупташып, көп жыл бою жашашат. Уясына 3-5 жумуртка тууп, аларды эркеги менен ургаачысы алмак-салмак басып чыгарат. Өсүмдүк менен азыктанат. Аларга аңчылык кылууга тыюу салынган. Кыргызстанда ышылдак жана куркулдак куулар Кызыл китепке катталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ак куулар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.