Шабдан Баатыр

Шабдан Жантай уулу (1839, Чүй өрөөнү, Көк-Жар жайлоосу, азыркы Чүй ооданы Он бир жылга айыл өкмөтү - 1912) - Чүй, Кемин өрөөнүндө жашаган сарыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан манап, саясий, коомдук ишмер.

Жантай Карабектин уулу. Жаш кезинен эле саясий турмушка аралашкан.

Шабдан Жантай уулу
Шабдан Жантаев
Шабдан Баатыр
Туулган жери

Чүй областы, Кемин району, Чоң Кемин

Жарандыгы

кыргыз

Ишмердүүлүгү

мамлекеттик жана аскер ишмери

Атасы

Жантай Карабек уулу

Сыйлыктары

Төртүнчү даражадагы Георгий жылдызы

Шабдан Баатыр
Шабдан баатыр айкели, Бишкек шаары

1860-жылдын акырында Кокон хандыгынын колбашчысы Канат шаага кошулуп, Ташкенге барган. Узун-Агачтын жанындагы орус аскерлерине каршы урушка катышкан. Ташкен шаарын коргоодо көрсөткөн каармандыгы үчүн Кудаяр хан аны Түркстан шаарынын беги кылып дайындаган. Ал Токмоктогу уезддин начальниги жана Жети-Суу аскер губернатору менен тыгыз байланышта болгон.

1876-77-ж. генерал Скобелевдин алайлык кыргыздарды Орусиянын карамагына өткөрүү ишине көмөк көрсөткөн.

1883-ж. ал падыша Александр ІІІнүн тактыга отуруу аземине катышып, аскер старшинасы наамын алган, алтын саат менен сыйланган.

1884-ж. ага жылына берилүүчү 300 сом пенсия чектелген. 1909-ж. Чоң-Кеминде жаңы усулда сабак өткөрүүчү медресе салдырган. 65 жашында ажыга - Меккеге барган. Шабдандын өмүр баяны, ишмердиги Осмонаалы Сыдык уулунун «Тарых-и кыргыз шадманийа» аттуу 1914-ж. Уфадан басылып чыккан эмгегинде жазылган. Эстелиги Бишкек шаарында жана Кемин шаарчасына орнотулган.

Tags:

Кемин

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

БакайЭмоцияМагнит талаасыГенетикаПсихологияДидактикаАйкындоочАтлантика океаныКош бойлуулукГрамматикаКаада-салт«Көкөтөйдүн ашы»АминдерПланеталардын жандоочуларыГлюкозаАккууКошмок сөздөрЭки жүз сомСатираТоо арасында (роман)ПротоколАлымбек даткаБаш сөөкРедуценттерЭпосКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыКуймаларКалдыксыз технологияЖүз сомСаякбай КаралаевЖыл мезгилдериКеңештер БирлигиСырдык сөзЖунгар хандыгыЖазЧыгыш АзияТерминдерАлай тоо кыркасыАбдыкадыр ОрозбековБагыныңкы сүйлөмМанасчыЖеңиш КүнүКасымалы ЖантөшевКөкө уулу ЖеңижокКыргызстан тарыхыКитепДем алуу системасыАмир ТемирЖердин айлануусу«Кыргыз» этнонимиТарбияЭркин-ТооКүн тутумуАк куйруктуу суу бүркүтЛандшафтСары-ЧелекКожожашЖаңыл МырзаКайра курууАлтынӨзбекстанФотоэффектРефератБеларусьЖеңиш чокусуГепатит ААнтон ЧеховТалас облусуАвстралияКыргызстандагы корголуучу жайлар«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруАлфавитТабигый ресурстарБиогеоценозЛексикологияАлмамбеттин баяныМеханикалык жумушАйлана чөйрөнү коргоо🡆 More