Жер кыртышы – Жердин «катуу» бөлүгүнүн үстүңкү катмары, мантия менен Мохоровичич чеги аркылуу чектешет.
Калыңдыгы океан түбүндө 5 км, материктин астында 75 кмге жетет. Континенттик жана океандык, ошондой эле өтмө – субконтиненттик жана субокеандык жер кыртыштарына бөлүнөт. Континенттик жер кыртышы чөкмө, гранит жана базальт катмарларынан турат; орточо калыңдыгы 35–45 км, эң калың жери 75 км (тоо астында) болот. Океандык кыртыш континенттик кыртыштан гранит катмарынын жоктугу жана кыртыштын жукалыгы (5 кмден 10 кмге чейин) менен айырмаланат. Жер кыртышы изостазиялык тең салмактуулук абалына жакын. Жер кыртышында дайыма тектоникалык кыймыл болуп турат. Түзүлүшү боюнча ал кыймылдуу – геосинклиналь жана кыймылсыз – платформа аймактарына бөлүнөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жер кыртышы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.