Трансформатор - техникада - энергиянын же объектилердин кандайдыр маанилуү касиеттерин өзгөртүүчү түзүлүш.
Электр Трансформатор жана гидро Трансформатор кыйла кеңири тараган. Трансформатор куруу идеясын биринчи жолу орус илимпозу П. Н. Яблочков иштеп чыккан. Трансформатор дун иштеши электр-магнит индукция кубулушуна негизделген.
Электр Трансформатору - бир чыңалуудагы өзгөрмө токту башка чыңалуудагы өзгөрмө токко өзгөртүүчү электр-магниттүү түзүлүш (аппарат). Ал Трансформатордук тунуке болоттон жыйналган магнит өткөргүч жана жалпы магнит агымы менен курчалган изоляциялуу оромолордон турат. Электр Трансформатор бир жана коп оромолуу болот. Өзгөртүлүүчу токтун түрүнө жараша электр Трансформатору бир жана үч фазалуу болуп бөлүнөт. Электр Трансформаторунун негизги типтери: электр энергиясын аралыкка берүүчү жана бөлүштрүүчү күч Трансформатору, атайын ишке арналган күч Трансформатору, ченегич Трансформатор, сыноо жүргүзүү үчүн жогорку вольттуу Трансформатор, электрон техникада колдонулуучу кубаттулугу аз импульстук Трансформатор.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Трансформатор, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.