Магнит (грекче Magnзtis lithos – Магнесиянын ташы) — өздүк магнит талаасына ээ болгон зат.
Темир, болот ж. б. у. с. заттарды өзүнө тартуу касиетине ээ болгон заттар алгач Магнесия шаарында (Кичи Азия) табылган. Магнит табигый (кен казууда алынат) жана жасалма (электр тогунун жардамында алынат) түрдө кездешет. Магнитти мүнөздөөчү негизги касиет болуп анын түндүк (N) жана түштүк (S) уюлдары эсептелет. Бирдей уюлдарын жакындатсак, алар түртүлүшөт, карама-каршы уюлдарын бириктирсек тартылышат. Мындай өз ара аракеттенишүүлөр магниттик талаанын аракетинин натыйжасында жүрөт. Заттар магниттик касиеттери боюнча эки топко бөлүнөт: парамагнит жана диамагнит. Магнитти илимий жактан изилдөө алгач орус окумуштуусу П. Перегрин («Магнит жөнүндө китеп»), англиялык врач У. Гильберт («Магнит жөнүндө») тарабынан жүргүзүлгөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Магнит, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.