Сел - тоо сууларынын нугунда капысынан пайда болгон баткактуу же таштуу суу ташкыны.
Сел нөшөрлөгөн жамгырдан, мөңгү же кардын тез эришинен жана көпшөк кесек материалдардын жантайыңкы жерлерде нукка топтолуусунан пайда болот. Кыргызстанда сел көп болот. Мис., тоодогу көлдөрдүн табигый байламтаны жырып кетишинен Кыргыз Алатоосунун Ысыката (1952), Ала-Арча (1953) капчыгайларында, Кичи Алай кырка тоосунда (Исфайрамсай, 1966) сел жүргөн. Кичи Алай кырка тоосундагы Жал өрөөнүндө (Кызылкыя шаарына жакын жерде) нөшөрлөгөн катуу жамгырдан кийин сел пайда болуп, андагы суунун чыгымы 300- 350 м3/сек, ылдамдыгы 5 м/сек жеткен. О. эле селдер Аларча, Көгарт өрөөндөрүндө да катуу болгон. Сел жолдорду, курулуштарды, айдоо жерлерди ж. б. зыянга учуратат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сел, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.