Эл Аралык Укук

Эл аралык укук – мамлекеттердин макулдашылган эрктерин билдирүүчү жана алардын, эларалык уюмдардын жана кээбир башка Э.

у. субъектеринин өзара мамилелерин жөнгө салуучу келишимдик жана демейки ченемдердин жана принциптердин тутуму. Э. у. ченемдердин өзгөчө тутуму катары кайсы бир улуттук укук тармагына кирбейт жана өз ичине улуттук укук ченемдерин камтыбайт. Ошентсе да, 1920-жылдан тартып, бир катар мамлекеттер Э. у-тун жалпы таанылган ченемдери өздөрүнүн аймактарында түздөнтүз колдонулаарын, андай ченемдердин улуттук мыйзамдардан артыкчылыктуулугун жарыялашкан. Айрым өлкөлөрдө Э. у. ченемдери улуттук укук тутумуна тикелей эмес киргизилген. Эларалык келишимдер жана эларалык укук салттары – Э. у-тун булактары. Эларалык уюмдардын актылары, эларалык сот жана арбитраж органдарынын чечимдери, эларалык укук доктринасы жардамчы булактар болуп саналат. Эларалык укуктук жөнгө салуу чөйрөсү дипломаттык, аскердик, гуманитардык, экологиялык, социалдык, экономикалык, маданий, илимий-изилдөө, полициялык маселелерди өз ичине камтыйт жана андан ары кеңейүү тенденциясына ээ. Ушуга байланыштуу Э. у. улуттук укук тутуму сыяктуу эле: эларалык деңиз укугу , эларалык гуманитардык укук ж. б. тармактарга бөлүнөт. Өздүк Э. у-тан (эларалык жалпы элдик укук деп да аталган) эларалык жеке укукту – негизинде улуттук мыйзамдар жаткан таптакыр башка тутумду айырмалоо керек.

Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

КытайСуу ЧечекСинтетикалык каучукСаспаев АманБүркүтИнфекцияСатурнПирамида (геометрияда)Ички органдарТушоо кесүүAppleБектурсун АлымовБириккен Улуттар УюмуЗат атоочСеметей эпосуЖылдызАксонометриялык проекцияларШилекей бездериКыргызстан калкынын биринчи курултайыАк канБагыныңкы сүйлөмАлмамбеттин баяныЖогорку окуу жайыЭлечекНарынАвстралияКасымалы ЖантөшевБайламталарСын атоочМарт окуясы (2005)Курманбек эпосуАмир ТемирКыргыз оюм чийимдериТоктоболот АбдумомуновУйгур кагандыгыКан айланууТермелүү кыймылыЖөтөлгө каршы дарыларТаш дооруКөк бөрүАрстанбек Буйлаш уулуСабатсыздыкты жоюуКүкүрт кислотасыЖерОш коогалаңы (1990)Алай районуСүйлөмЭлектр чыңалуусуЭволюцияАбиотикалык факторлорӨпкөнүн сезгенишиДыйканчылыкИч көбүү (метеоризм)Манастын күмбөзүБиринчи дүйнөлүк согушТилТүп районуКыргызстандын гимниДаникеев, ӨскөнПрокси серверЯдро (биология)Шабдан баатырСырдык сөзДан өсүмдүктөрүРеволюциянын каармандарына монументи –СейтекКаныкей образыКурактык өзгөчөлүкТажикстанКайра жаралууКометаКөкөтөйдүн ашыБоз үйЭмгекОрусияТопуракКызыл китепКыргыз уяң жүндүү кою🡆 More