Казаболотова Дамира Асек кызы Чырмакчы жана саймачы.
1963-ж. Бишкек шаарында төрөлгөн.
Орто билимдүү. Кинопрокатта фильмдерди көзөмөлдөөчү, Бишкектеги балдардын эстетикалык борборунда, Сүрөтчүлөр союзунун көркөм фондусунда чебер болуп узданган. Таянеси Батыркандын, энеси Шакендин таасиринде кичине чагынан эле өкмөттүк ири заказдарды аткарууга катышкан. Ага «Кыргызстандын герби», «Казакстандын герби», «Өзбекстандын герби», «Тажикстандын герби», «Молдавия республикасынын герби», Ш. Мамбетаипованын «Төө жетелеген кыз», «Мейман күтүү», «Бий», «Ак кеме» өңдүү чий чырмак эмгектеринин кагаз үлгүлөрү кирет. Дамира чебер аткаруучу катары абалы таанылып, кийин өз алдынча чыгарма түзүүгө бет бурат. Мында анын туштуктарга композиция түзүү ропорт (табакча) берүү аркылуу өзөктүү көрүнгөн ондогон чыгармалары бар. Анын «Конуш», «Төө жүгү», «Жылдыздуу түн», «Түгөлбай Сыдыкбеков» (портрет) өңдүү чий, сайма туштуктарында «жарым бадам», «калемпир көчөт», «карга тырмак», «тумарча», «айчык» өңдүү көчөттөрдү көбүнчө сары, ак, көгүш түстөрдү шурулата алып чыгат, ал иштери чакан белек-бечкекке шартташат. Ал тоолуктардын көчмөңдүү жашоо-турмушун элестетет. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1987 ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «СССРдин ЭЧЖКнүн көргөзмөсү. Чакан чий чырмак үлгүлөрү үчүн ЭЧЖКнүн күбөлүгү; 1988 ж. Эл чыгармачылыгынын Бүткүл союздук фестивалына карата «Элдик кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагы».
Сайма туштугу үчүн Кыргыз ССР Маданият министрлигинин Ардак грамотасы; 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу кароо-сынагы». Сайма, чий туштугу үчүн ЭЧЖРКнүн диплому, медалы.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Казаболотова Дамира Асек кызы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.