Какырык Чыгаруучу Дарылар

Какырык чыгаруучу дарылар — жөтөлгөндө какырыктын чыгышын жеңилдетүүчү дары заттар.

Какырык чыгаруучу дарылар бронхтун былжыр челиндеги бездин иштешин күчөтүп, какырыкты суюлтат, ошондон улам какырык оңой бөлүнөт. Какырык чыгаруучу дарылардын кыйыр жана түздөн-түз таасир этүүчү түрү белгилүү. Түздөн түз таасир этүүчү түрүнө тамакты чайкаганда, буусу менен дем алганда бронхтун былжыр челине түздөн-түз таасир этет.

Какырык чыгаруучу дарылардын бул тобуна ичүүчү сода (какырыктын илээшкектигин азайтат), терпингидрат жана кээ бир эфир майы кирет. Аларды ингаляция түрүндө колдонуу же ичүү сунуш кылынат. Кыйыр таасир берүүчү какырык чыгаруучу дарыларды ичкенде карындын сезгич нерв учтарына таасир этип, бронхтун былжыр челин рефлекстик дүүлүктүрөт. Аларга дары өсүмдүктөрүнөн жасалган дарылар кирип, көп өлчөмдө ичкенде оорулуу кусат. Өзгөчө жаш балдар көтөрө албайт. Ошондуктан догдурдун көрсөтмөсүз балдарга берүүгө болбойт.

Жаш балдарга какырык чыгаруучу дарылар катары кустургуч таасири жок дарылар сунуш кылынат. Какырык чыгаруучу дарылар көбүнчө какырык чыкпай жөтөлткөн өпкө ооруларында (бронхит, өпкөнүн сезгениши) берилет. Башка оорунун (мисалы, өпкөнүн кан айлануусу бузулушунда) кесепетинен жөтөлсө бул дарылардын таасири аз. Андыктан негизги оорунун себебин таап дарылоо жүргүзүү зарыл. Өз алдынча дарылануу көбүнчө оорунун кабылдап кетишине алып келет. Мисалы, түздөн-түз таасир этүүчү каражаттарды өз алдынча, догдурдун көзөмөлүсүз пайдалануу өпкөнүн өнөкөт оорусун (мисалы, кургак учук) күчөтөт, кыйыр таасир этүүчү түрүн ашкере пайдалануудан адам кусат.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

БронхКакырык

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

БишкекСуу, суутек оксидиДарыяСоветбек БайгазиевБышыктоочторБруцеллёзМахмуд КашгариСоветтер Союзунун баатырларыТоголок Молдонун чыгармаларыЖугуштуу ооруларЭссеТүштүк КореяБилим берүү системасындагы инновациялык (жаңылануу) процесстериФантастикаТаш дооруТынч океанАбанын булганышыФизикалык чоңдуктардын бирдиктери«Жаңыл Мырза»Исхак РаззаковГепатит АФотосинтезТамеки чегүүЖетимишев СейитМиң сомМонгол империясыМеталл коррозиясыТеңир-ТооКЫРГЫЗДАРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АЛАРДЫН ТАРЫХЫНАН АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТТАР.СогушЭкологияСелКомуз күүсүМиграцияОкутуунун жаңы технологияларын пайдаланууАстрономияКүндөрдүн аталышыКош сөздөрТабият кырсыктарыКалп(адабият)Өлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиМанас эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптарыТилКыргыз Республикасынын БаатырыИталияКазат АкматовМанас эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантыКылмышКөркөм сүрөт искусствосуБоз үйдүн негизги жабдууларыШабдан баатырСийдикМанастын күмбөзүСтильБиринчи жардамЖасалма интеллектБиосфераАйлардын кыргызча аталышыДезоксирибонуклеин кислотасыОозул (стоматит)Төлөгөн КасымбековЖусуп АбдрахмановКалыгул Бай уулуКыргызстандын географиясыПротоколТүштүк АмерикаБөлүкчөКыргызстанДидактикалык чыгармаларЖердин экологиялык маселелериВолейболКасымалы ЖантөшевКыргызстандын экологиялык көйгөйүТыбышКүнТүрк кагандыгыФосфор🡆 More