Шабданбай Кызы Бытыкан

Шабданбай кызы Бытыкан (1912-93) Чырмакчы.

Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында төрөлгөн.

Апасы Зыяданын үндөктөөсү аркасында ал абалы чий чырмакчылыкты, анан саймачылыкты, кийин кийизчиликти колго алган.

Бытыкан тор чачык түйүп, анын учун төкмө чачылоонун чыгаан чебери. Кийин тебетей, калпак, топу өңдүү элдик баш кийимдерди бычып-тигип «иштүү» аталган. Мында ал козуулактын көрпөсүн, суур, түлкү, коён өңдүү аң терилерин баш кийимдерине негизги жердик кылып алат. Аларды колдо иштетип (ашатып, ийлеп, өңдөп), адамдын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата «карыялардын тебетейи», «орто жаштагылардын тебетейи», «күлгүн курактагылардын тебетейи», «беш көкүлдүн тебетейи» сыяктуу түргө бөлүп, өзүнчө алардан үлгү чыгарып узданат. Мында баш кийимдин жердигинин түгүнүн узун-кыскасы, адими-жөнөкөйү, арзан-кымбаты, анын табылышы, иштетилиши сыяктуу бөтөнчөлүктөрдү узданууда эске алат. Уздун чий буюмдарыңда эски салттуу көркөм көчөттөрдү кайталоо, табакча-табакча аркылуу берип, төрт табакчаны буюмга борбордук көчөт, алардын жарымын колтук көчөтү үчүн түшүрүү уздун уздук негизги ыкмасы. Ал «омуртка оюмун», «мүйүз оюмдарын» үлгүнүн негизги каражаты катары карайт. Уздун андай касиети анын кийизчилигине да таандык. Бытыкан мурун энелеринен көргөңдөрүн анча-мынча өзгөртүп жасаса, кийин кызы Шакен Мамбетаипованын (ал жөнүндө өзүнчө макала бар) кагазга түшүргөн үлгүлөрү аркылуу такай өкмөттүк ири тапшырмаларды аткарган. Аларга «Тынчтык», «Ашкана чий», «Мейман күтүү», «Кыргызстандын мамлекеттик герби», «Өзбекстандын мамлекеттик герби», «Казакстандын мамлекеттик герби», «Тажикстандын мамлекеттик герби», «Молдавия ССРинин мамлекеттик герби», «В. И. Ленин» өңдүү башка уздар менен биргелешип бүтүргөн саймачылык, чырмакчылык аркылуу чебер аткарган иштери кирет. Б. Шабданбаева - узчулуктун мектебин түзүүчүлөрдүн бири. Анын неберелери Дамира, Жибек, Шайгүл, Жыргалдар өз бетинче узданышууда.

Колдонулган адабияттар

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0

Tags:

Жети-Өгүз району

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Солтоноев Белек Солтонкелди уулуКызгалдакКыргызстандын мамлекеттик тилиКараханийлер мамлекетиШүкүрбек БейшеналиевКыргызстандын экологиялык көйгөйүАалы ТуткучевТоктоболот АбдумомуновКыргызстандагы таш дооруФуко маятнигиОмонимИтийТамак сиңирүү системасыДемократияCSSЛексикографияАйтматов, ТөрөкулМектепке чейинки тарбияСүйүүКаада-салтСалык саясатыБаяман ЭркинбаевКыргызстандын КонституциясыИнфекцияСыдык КарачевАйсалкын Кыйыкбаева7-майБир сомМоголдорАрхитектуралык эстеликтерИчки органдарИнновацияЖору, урууКарлук кагандыгыКелмеМолдо КылычМорфологияАйлардын кыргызча аталышыМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыБиринчи дүйнөлүк согушДраматургияЭлементтер мезгилдик системасыГеморройЭмгекти коргооӨзбекстанСамат ЭркинбековУлуттук эсепОрто кылымдарТүрк кагандыгыАлп СолБешайдТөрөтМетафораЛейкозЖасалма интеллект деген эмне?Сулайман-ТооДискреттик математикаКызыл өңгөчКырк чороКокон көтөрүлүштөрүСахабаларТушоо кесүүЗат атоочМухаммед пайгамбарGoogle (компания)Жүрөктүн ишемия оорусуАк батаБишкекКара-Кулжа районуНамазКыргыз Республикасынын Кызыл китебиСак уруусуБайчечекейЖасалма интеллект«Манасчылар»Байтик баатыр🡆 More