Санжарбек Жусупов Инновация (англ.
innovatio жаңыруу, өзгөрүү) – конструкциялоого, өндүрүшкө же товар сатууга жаңы мамиле. Анын натыйжасында инвестор же анын компаниясы атаандаштарынын алдында артыкчылыкка ээ болот. Патентти пайдалануу менен ийгиликке жетишкен новатор убактылуу монополияны камсыз кылуусу мүмкүн. Инновация өндүрүштүк чыгымдарды азайтып, продукциянын сапатын жакшырткандыктан, рыноктун аракетин күчөтөт. Инновация узакка созулуучу жана кымбатка туруучу процесс. Мисалы, ксерокөчүрмө 1948-жылы ойлоп табылган, андан берки 10 жылы техникалык иштеп чыгууларга арналып, ошондон кийин гана базарга аралашкан. Инновация жалпысынан экономикалык өнүгүүнү тездетет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Инновация, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.