Жүрөктүн Ишемия Оорусу

Жүрөктүн ишемия оорусу - жүрөк-кан тамыр системасынын көп тараган оорусу; негизинен жүрөктүн таажы сымал артерияларынын атеросклерозунан улам жүрөк булчуңдарын кан менен камсыз кылуу начарлаганда болот.

«Жүрөктүн ишемия оорусу» түшүнүгүнө катуу кармаган оорулар (стенокардия, миокарддын инфаркты), ошондой эле башка өнөкөт оорулар кирет. Мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын атеросклерозунан улам болгондуктан, кардиосклероздун бул түрү атеросклероздук деп аталат. Ал айрым учурда жүрөк ишинин начарлашы жана согуу ыргагынын бузулушу менен коштолот. Белгилери ар түрдүү, оору кээде күчөп, кээде басаңдайт. Жүрөктүн ишемия оорусу (стенокардия пристубу), адатта оор күч келүүдөн кармайт, мындай абал көп жылга созулат да, кийин тынч абалда деле кармай берет. Оору кармаганда миокарддын инфаркты пайда болуу коркунучу туулат. Жүрөктүн ишемия оорусуна тукум куума жакындык, аз кыймылдоо, ашыкча тамактануу, семирүү, канда май заттарынын көбөйүшү, артериялык басымдын жогорулашы (к. Гипертония оорусу), углевод алмашуунун бузулушу себеп болот. Тамеки тарткандар көп ооруй тургандыгы далилденген: өтө чарчап-чаалыгуу, психикалык оорулар да организмге күч келтирери белгилүү. Баарынан мурда тамакты мүнөздөп ичүү, семирбөө, мал майын жана жакшы сиңиргенүүчү углеводдорду көп жебөө, ичкиликтен баш тартуу; тамакка өсүмдүк майын жана С витамини менен В тобундагы витаминдерди көбүрөөк кошуу талапка ылайык. Булардын баары жүрөктүн ишемия оорунун алдын алуу чаралары болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Суу сактагычКош сөздөрЧернобыль авариясыАскердик антАйтиев Гапар АйтиевичАтаке баатырЛилияКүрөң аюуТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүТокойБанкДинамика (механикада)Манас (чоку)ТишМарсКыйыр Сөз«Көкөтөйдүн ашы»Башкы баракАбай КунанбаевПланетаКошожашВикипедияТоголок Молдонун чыгармаларыКыргыз элдик оозеки чыгармаларКыргыздын элдик музыкалык аспаптарыФранцияМанас эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантыБоорКыргызстандагы жаан-чачындарБишкек чебиКуймаларМанап бийЖакиев БексултанСүйлөм мүчөлөрүАба ырайыБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасындагы көркөм образдарКалыгул Бай уулуАзот кислотасыЧүй өрөөнүАзербайжанЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыКудаяр ханЛирикаДилбаянКен байлыктарСүмөлөкӨнөр жайИнтерактивдүү окутууКан айланууКаратма сөзШарМээрим ЖуманазароваЭкстремизмКыргыз-Ойрот согуштарыАргентинаКыргызстанКыргыз элинин көркөм өнөрчүлүгүОрусияОрто кылымдарБарсбек каганТоп жылдызЭмгек рыногуЖайыл баатырОндук эсептөө тутумуСүйлөмАк батаКыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүКан группаларыУсун мамлекетиУлуу Ата-Мекендик согушЖыгачКомузШаркыратмаЭркектердин улуттук баш кийимдери22-апрельКоомдук мамилелерСулайман-Тоо🡆 More